КАНДАГАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАНДАГА&#769;Р</b> – Афганстандын түштүк-чыгышында&shy;гы шаар. Кандагар вилаейетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Аргандаб дарыясынын өрөөнүн&shy;дө, деңиз деңгээлинен 1000 <i>м</i> бийикте, айланма авто&shy;трассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта шаары м-н (Пакистан) байла&shy;нышат. Калкы 347,3 миң (2008); калкынын са&shy;ны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде не&shy;гизделген. 1818–55-жылдарда Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамын&shy;да. Шаар 1979–81-жылдарда <i>Афган конфликтинде (1979–89)</i> катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги тая&shy;ныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дур&shy;рани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, се&shy;пилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленде&shy;лет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл тор&shy;ко) өнөр жай ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таш&shy;тардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. Кандагарга жакын б. з. ч. 5–4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын кал&shy;дыктары, Мундигак шаарынын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бе&shy;тиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.  
<b type='title'>КАНДАГА&#769;Р</b> – Афганстандын түштүк-чыгышында&shy;гы шаар. Кандагар вилаейетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Аргандаб дарыясынын өрөөнүн&shy;дө, деңиз деңгээлинен 1000 <i>м</i> бийикте, айланма авто&shy;трассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта шаары м-н (Пакистан) байла&shy;нышат. Калкы 614,2 миң (2020); калкынын са&shy;ны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде не&shy;гизделген. 1818–55-жылдарда Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамын&shy;да. Шаар 1979–81-жылдарда <i>Афган конфликтинде (1979–89)</i> катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги тая&shy;ныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дур&shy;рани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, се&shy;пилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленде&shy;лет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл тор&shy;ко) өнөр жай ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таш&shy;тардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. Кандагарга жакын б. з. ч. 5–4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын кал&shy;дыктары, Мундигак шаарынын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бе&shy;тиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.  
<p align='right'><i type='author'>Т. Чодураев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Чодураев.</i></p>
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

05:35, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНДАГА́Р – Афганстандын түштүк-чыгышында­гы шаар. Кандагар вилаейетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Аргандаб дарыясынын өрөөнүн­дө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийикте, айланма авто­трассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта шаары м-н (Пакистан) байла­нышат. Калкы 614,2 миң (2020); калкынын са­ны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде не­гизделген. 1818–55-жылдарда Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамын­да. Шаар 1979–81-жылдарда Афган конфликтинде (1979–89) катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги тая­ныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дур­рани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, се­пилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленде­лет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл тор­ко) өнөр жай ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таш­тардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. Кандагарга жакын б. з. ч. 5–4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын кал­дыктары, Мундигак шаарынын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бе­тиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.

Т. Чодураев.