КАНАЛ (гидротехникада): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНА́Л</b> (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е х­н и к а д а – суу агуучу жасалма нук. | <b type='title'>КАНА́Л</b> (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е х ­н и к а д а – суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал – сугат тармагынын негизги бө­лүгү. Канал пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мисалы, Суэц, Панама каналдары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат каналы (ир­ригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү канал (Иртыш – Караганда каналы), карагай агызуу­чу, балык өстүрүлүүчү ж-а комплекстүү каналдар (Волга – Дон каналы) болуп айырмаланат. Сугат каналы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б-дан сугат жерге суу жеткирет) каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы каналдан суу алып ра­йонго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убак­тылуу каналдарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б-дан каналга суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу каналга суу топтоочу курулма аркы­луу өзү агып келет же насос станциясынын жар­дамы м-н берилет. Каналдын туурасынан кесили­ши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине ж-а таманына бетон же темир­-бетон, бурама темир-бетон төшөлөт. Бир каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч ж. б. м-н жабдылат. Канал өтчү жер, каналдын өлчөмү, анда ку­рулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гид­равликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкта­лат. Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүч­төр: суу өткөрүмдүүлүгү (каналдагы суунун эң чоң чыгымы – каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>) каналдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгы­мына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесс­тер автоматтык башкаруу системасынын жар­дамы м-н жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгым­га учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат канал­дары – <i>Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас ка­налы</i> ж. б. | ||
өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. | |||
чарба аралык | |||
жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убак­тылуу | |||
чыгымы – | |||
суунун өлчөмү, <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>) | |||
Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас ка­налы</i> ж. б. | |||
Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2. | Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:48, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАНА́Л (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е х н и к а д а – суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал – сугат тармагынын негизги бөлүгү. Канал пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мисалы, Суэц, Панама каналдары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат каналы (ирригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү канал (Иртыш – Караганда каналы), карагай агызуучу, балык өстүрүлүүчү ж-а комплекстүү каналдар (Волга – Дон каналы) болуп айырмаланат. Сугат каналы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б-дан сугат жерге суу жеткирет) каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы каналдан суу алып районго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убактылуу каналдарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б-дан каналга суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу каналга суу топтоочу курулма аркылуу өзү агып келет же насос станциясынын жардамы м-н берилет. Каналдын туурасынан кесилиши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине ж-а таманына бетон же темир-бетон, бурама темир-бетон төшөлөт. Бир каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч ж. б. м-н жабдылат. Канал өтчү жер, каналдын өлчөмү, анда курулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гидравликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүчтөр: суу өткөрүмдүүлүгү (каналдагы суунун эң чоң чыгымы – каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м3/сек) каналдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгымына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесстер автоматтык башкаруу системасынын жардамы м-н жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгымга учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат каналдары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас каналы ж. б.
Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2.