КАН БАСЫМЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАН БАСЫМЫ</b> – кан тамырлардагы кандын
<b type='title'>КАН БАСЫМЫ</b> – кан тамырлардагы кандын
жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөк&shy;түн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кан&shy;дын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, о. эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы К. б. жүрөк&shy;түн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жо&shy;горулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 <i>мл</i>ге жакын
жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөк&shy;түн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кан&shy;дын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, ошондой эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы кан  басымы жүрөк&shy;түн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жо&shy;горулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 <i>мл</i>ге жакын кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу да&shy;роо агып өтө албайт. Ошондуктан <i>толто</i> чою&shy;лат да, андагы басым жогорулайт (систолалык басым). Нормада ал жоон артерияларда 110–130 <i>сымап мамыча мм</i>ге жетет. Жүрөк карынчалары&shy;нын жыйрылуу аралыгында (башкача айтканда диастола) чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артерия&shy;лар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. Кан басымы төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү дең&shy;гээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык ба&shy;сымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы кан басымы  жүрөктөн алыстаган са&shy;йын азаят. Мисалы, толтодо кан басымы 140/90 <i>сымап мамыча мм</i> түзөт (биринчи цифра – систолалык же жо&shy;горку басымды, экинчиси диастолалык же тө&shy;мөнкү басымды билдирет). Кан басымы, адатта, арте&shy;риялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш өткөн сайын кан басымы өзгөрөт, күч келүү, эмоция&shy;лык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. Кан басымынын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө салып турат. Анын туруктуу жогорулашын – артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү ги&shy;потензия деп аталат.
кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу да&shy;роо агып өтө албайт. Ошондуктан <i>толто</i> чою&shy;лат да, андагы басым жогорулайт (систолалык
басым). Нормада ал жоон артерияларда 110–
130 <i>сым. мам. мм</i>ге жетет. Жүрөк карынчалары&shy;нын жыйрылуу аралыгында (б. а. диастола)
чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артерия&shy;лар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. К. б. төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү дең&shy;гээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык ба&shy;сымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы К. б. жүрөктөн алыстаган са&shy;йын азаят. Мис., толтодо К. б. 140/90 <i>сым. мам.
мм</i> түзөт (биринчи цифра – систолалык же жо&shy;горку басымды, экинчиси диастолалык же тө&shy;мөнкү басымды билдирет). К. б., адатта, арте&shy;риялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш
өткөн сайын К. б. өзгөрөт, күч келүү, эмоция&shy;лык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. К. б-нын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө
салып турат. Анын туруктуу жогорулашын –
артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү ги&shy;потензия деп аталат.
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

07:45, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАН БАСЫМЫ – кан тамырлардагы кандын жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөк­түн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кан­дын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, ошондой эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы кан басымы жүрөк­түн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жо­горулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 млге жакын кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу да­роо агып өтө албайт. Ошондуктан толто чою­лат да, андагы басым жогорулайт (систолалык басым). Нормада ал жоон артерияларда 110–130 сымап мамыча ммге жетет. Жүрөк карынчалары­нын жыйрылуу аралыгында (башкача айтканда диастола) чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артерия­лар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. Кан басымы төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү дең­гээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык ба­сымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы кан басымы жүрөктөн алыстаган са­йын азаят. Мисалы, толтодо кан басымы 140/90 сымап мамыча мм түзөт (биринчи цифра – систолалык же жо­горку басымды, экинчиси диастолалык же тө­мөнкү басымды билдирет). Кан басымы, адатта, арте­риялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш өткөн сайын кан басымы өзгөрөт, күч келүү, эмоция­лык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. Кан басымынын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө салып турат. Анын туруктуу жогорулашын – артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү ги­потензия деп аталат.