КАМБОЖА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
15 сап: 15 сап:


[[File:КАМБОЖА30.png | thumb | Меконг дарыясы.]]
[[File:КАМБОЖА30.png | thumb | Меконг дарыясы.]]
жайгашкан. Ал суу салаасы аркылуу Меконг м-н туташат. Көлдүн тегерегиндеги зор аймак, Меконг м-н Бассак дарыяларынын аралыгы саздак. То&shy;кой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 52%ин ээлейт. Түздүктөрдө жергиликтүү өсүмдүктөрдүн курамында жалбырагын күбүүчү муссондук то&shy;кой (диптерекарп, чанактуулар ж. б.), кургак&shy;чыл батышында саванна токою, ксерофилдик сейрек токой (кызыл-коңур топурактагы паль&shy;мира, гуава, жапайы бал камыш, жапыз бам&shy;бук) таралган. Тоолордун муссонду караган түштүк- батыш капталдарын кызыл-сары ферралит то&shy;пурактуу түргө бай дайыма жашыл тропик то&shy;кою ээлейт. Сиам булуңунун жээги мангр то&shy;койлуу. 1990–2000-жылдарда токойдун 6%и жок бол&shy;гон. Камбожа түздүгүнүн күрдүү аллювий топу&shy;рактуу басымдуу бөлүгүнүн табигый өсүмдүктөрү шалы палдары, жапыз өскөн дарак, бадалдар, кант пальмасы ж. б. м-н алмашкан. Жаныбар&shy;лар дүйнөсү өтө ар түрдүү: сүт эмүүчүлөрдүн 123 түрү (анын 24 түрү жоголуу алдында турат), сой&shy;локтордун 114 түрү (10у жоголуу коркунучунда) мекендейт; куштардын 183 түрү (19у жоголуу алдында) уялайт. Купрей, бантенг, гаур, таи&shy;ланд бугусу, индия пили, жолборс, кабылан, гиббон ж. б. мекендейт; Меконг ж-а анын куй&shy;маларында крокодил бар.<br>Камбожадагы коргоого алынган 29 аймак өлкөнүн 23,7% аянтын ээлейт; алар: улуттук парктар (Пном-Бокор, Реам ж. б.), табият резерваттары (Пном-Ораль, Бэнг-Пер, Бном-Самкос, Кулен- Промтеп ж. б.), коргоого алынган ландшафт&shy;тар (Ангкор ж. б.), коргоого алынган токойлор&shy;дун ири массивдери. Тонлесап көлүнүн тегере&shy;гидеги жерлер ЮНЕСКОнун биосфералык резер&shy;ваттарына киргизилген.
жайгашкан. Ал суу салаасы аркылуу Меконг м-н туташат. Көлдүн тегерегиндеги зор аймак, Меконг м-н Бассак дарыяларынын аралыгы саздак. То&shy;кой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 52%ин ээлейт. Түздүктөрдө жергиликтүү өсүмдүктөрдүн курамында жалбырагын күбүүчү муссондук то&shy;кой (диптерекарп, чанактуулар ж. б.), кургак&shy;чыл батышында саванна токою, ксерофилдик сейрек токой (кызыл-коңур топурактагы паль&shy;мира, гуава, жапайы бал камыш, жапыз бам&shy;бук) таралган. Тоолордун муссонду караган түштүк- батыш капталдарын кызыл-сары ферралит то&shy;пурактуу түргө бай дайыма жашыл тропик то&shy;кою ээлейт. Сиам булуңунун жээги мангр то&shy;койлуу. 1990–2000-жылдарда токойдун 6%и жок бол&shy;гон. Камбожа түздүгүнүн күрдүү аллювий топу&shy;рактуу басымдуу бөлүгүнүн табигый өсүмдүктөрү шалы палдары, жапыз өскөн дарак, бадалдар, кант пальмасы ж. б. м-н алмашкан. Жаныбар&shy;лар дүйнөсү өтө ар түрдүү: сүт эмүүчүлөрдүн 123 түрү (анын 24 түрү жоголуу алдында турат), сой&shy;локтордун 114 түрү (10у жоголуу коркунучунда) мекендейт; куштардын 183 түрү (19у жоголуу алдында) уялайт. Купрей, бантенг, гаур, таи&shy;ланд бугусу, индия пили, жолборс, кабылан, гиббон ж. б. мекендейт; Меконг ж-а анын куй&shy;маларында крокодил бар.<br>Камбожадагы коргоого алынган 29 аймак өлкөнүн 23,7% аянтын ээлейт; алар: улуттук парктар (Пном-Бокор, Реам ж. б.), табият резерваттары (Пном-Ораль, Бэнг-Пер, Бном-Самкос, Кулен- Промтеп ж. б.), коргоого алынган ландшафт&shy;тар (Ангкор ж. б.), коргоого алынган токойлор&shy;дун ири массивдери. Тонлесап көлүнүн тегере&shy;гидеги жерлер ЮНЕСКОнун биосфералык резер&shy;ваттарына киргизилген.


==Калкы==
'''Калкы.''' Австралия-азия тилдеринде сүйлөгөн&shy;дөр Камбожанын калкынын 92,3%ин түзөт; анын 87,1%и кхмерлер, 0,8%и тоолук кхмерлер, 4,3%и вьеттер, 2,5%и австронезиялыктар, 0,9%и тайлар. Ошондой эле кытай (4,1%), мьянма, тамил, англис, француз ж. б. улуттар да жа&shy;шайт. Калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо темпи акырындап төмөндөөдө (20-кылымдын аягын&shy;да 2,0–2,1%; 2007-жылы 1,7%). Төрөлүү 1000 тур&shy;гунга 25,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 8,2 адам туура келет. Сырткы миграциянын саль-
. Австралия-азия тилдеринде сүйлөгөн&shy;дөр К-нын калкынын 92,3%ин түзөт; анын 87,1%и кхмерлер, 0,8%и тоолук кхмерлер, 4,3%и вьеттер, 2,5%и австронезиялыктар, 0,9%и тайлар. О. эле кытай (4,1%), мьянма, тамил, англис, француз ж. б. улуттар да жа&shy;шайт. Калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи акырындап төмөндөөдө (20-к-дын аягын&shy;да 2,0–2,1%; 2007-ж. 1,7%). Төрөлүү 1000 тур&shy;гунга 25,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 8,2 адам туура келет. Сырткы миграциянын саль-


[[File:КАМБОЖА31.png | thumb | Пномпень шаары.]]
[[File:КАМБОЖА31.png | thumb | Пномпень шаары.]]
досу нөлгө жакын. 15 жашка чейинки балдар калктын 34%ин, эмгекке жарамдуу курактагы&shy;лар (15–64 жаш) 62,4%ин, 65тен улуулар 3,6%ин
досу нөлгө жакын. 15 жашка чейинки балдар калктын 34%ин, эмгекке жарамдуу курактагы&shy;лар (15–64 жаш) 62,4%ин, 65тен улуулар 3,6%ин түзөт. Орто эсеп м-н 1000 аялга 95,3 эркек туура келет. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 61,3 жыл (эркектердики 59,3, аялдардыкы 63,4 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 80дей адам туура келет. Ири шаарлары: Пном&shy;пень (1398,4 миң), Баттанбанг (176, миң), Сиа&shy;нуквиль (142,9 миң), Сиемреап (128,6 миң; 2008).<br>Мамлекеттик дини – <i>буддизм</i>; буддисттер өлкөнүн кал&shy;кынын 95%ин, мусулмандар 2%ин түзөт.
түзөт. Орто эсеп м-н 1000 аялга 95,3 эркек туура келет. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 61,3 жыл (эркектердики 59,3, аялдардыкы 63,4 жыл). Калкынын орт. жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 80дей адам туура келет. Ири шаарлары: Пном&shy;пень (1398,4 миң), Баттанбанг (176, миң), Сиа&shy;нуквиль (142,9 миң), Сиемреап (128,6 миң; 2008).<br>
 
Мамл. дини – <i>буддизм</i>; буддисттер өлкөнүн кал&shy;кынын 95%ин, мусулмандар 2%ин түзөт.
'''Тарыхы.''' Млу-Прей, Лонгирао ж-а Самроунг- Севдеги археологиялык казмалардын табылгалары Камбожада палеолит (б. з. ч. 14-миң жылдык) доору&shy;нан адам жашаганын далилдейт. Соңку неолитте (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) дарыя бойлорунда кыштактар пайда болгон. Калкы дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесипте&shy;нишкен. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Б. з. 1-кылымында Камбожа аймагында алгачкы кул ээлөөчүлүк мамле&shy;кет – Бапном (Фунань) түзүлгөн. Мамлекет Ме&shy;конг дарыясынын төмөнкү агымында жайгашып, бор&shy;бору Вьядхапур шаары болгон. 2–3-кылымдарда Бапном ий&shy;гиликтүү согуштардын натыйжасында өлкө ай&shy;мактарын кеңейткен. Индия, Кытай, Иран ж-а Рим империясы м-н соода жүргүзгөн. Бапном&shy;дун калкы негизинен бутпарастык ишенимдер м-н жашашкан. 6-кылымда Бапном начарлай баш&shy;тап, мурда ага көз каранды болгон Ченла мам&shy;лекети күч алган. Анын борбору Меконг ж-а Мун дарыяларынын ортонку агымында жайгашкан. 6- кылымдын ортосунда Ченланын башкаруучусу Бха&shy;ваварман I (болжол м-н 550–600) Бапном м-н Ченланы бириктирип, кхмерлер мамлекетин түзгөн. Ишановарман Iнин тушунда (болжол м-н 612–628) жаңы борбор – Ишанапур салын&shy;ган. Негизинен дыйканчылык м-н кесиптениш&shy;кен. Тынымсыз согуштар ж-а ич ара талаш-тар&shy;тыштар анын кулашына алып келген. Ченла мамлекети 8-кылымдын башында өз алдынча эки мамлекетке (Жер Ченла ж-а Суу Ченла) бөлү&shy;нүп, Индикитай жарым аралынын түштүк бөлүгүн ээлеген. 9-кылымда Суу Ченланын мурдагы аймагында Кам&shy;бужадеша кхмер империясы (борбору Ангкор&shy;до) пайда болгон. Бул империя Сурьяварман I, Сурьяварман II ж-а Жайаварман VII бийлеген мезгилде жогору өнүгүп, Түштүк Чыгыш Азияда&shy;гы ири мамлекет болгон. Басып алуучулук жор&shy;туулдары ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн аймагы кеңейип, Ангкор-Ват, Ангкор-Тхом, Байон сыяк&shy;туу дүйнөлүк архитектуранын шедеври болгон ири ку&shy;рулуштар салынган. 13-кылымдын ортосунда импе&shy;рия начарлап, 1336-жылы Чае башында турган будда династиясынын бийликке келиши м-н Камбу&shy;жадеша жоюлган. Будда монархы король наа&shy;мына ээ болуп, кхмерлердин салттуу маданиятын өркүндөткөн. 14-кылымдын 2-жарымында – 15-кылымдын башында Камбожа аймагына тьямдар ж-а сиамдык&shy;тар кол салып турушкан. 14-кылымда Аютия (Сиам) тай мамлекети негизделгенден кийин тыным&shy;сыз коркунуч туудуруп, акыры Камбожанын борборун басып алган. Король Понья Ят (1405–67) гана тайларды кууп чыккан. 1434-жылы кхмерлер мам&shy;лекетинин борбору Ангкордон Пномпенге көчү&shy;рүлгөн. 16–18-кылымдарда Камбожа коңшу мамлекеттер – Сиам ж-а Дайвьет м-н согушуп турган, натыйжада Камбожанын экономикалык ж-а саясий абалы төмөндөгөн. Мам&shy;лекеттин борбору Удонгго көчүрүлгөн. 17-кылымда Камбожага европалыктар келе баштаган. 1640-жылы ни&shy;дерланддык фактория пайда болуп, үзгүлтүк м-н 1652-жылга чейин өкүм сүргөн. Кхмер феодал&shy;дарынын өз ара чыр-чатактарынын натыйжа&shy;сында, өлкө Сиам ж-а Дайвьеттерге көз каран&shy;ды болуп калган. Борборун ж-а батыш район&shy;дорун король Чей Четта IV, чыгышын Анг Нон башкарган. 1807-жылы Анг Тян IIнин башкаруу мезгилинде К. Сиам (Таиланд) м-н Вьетнамдын (1804-жылга чейин Дайвьеттин) кош сюзерени&shy;тетине дуушар болгон. 1830-жылдары Вьетнам Камбожага күчтүү таасирин тийгизген. Камбожа провинция&shy;ларга бөлүнүп, аларга вьетнамча аталыштар ко&shy;юлган. Борбордук ж-а Чыгыш Камбожада вьетнам ас&shy;керлери жайгашып, Сайгонго жол курулган. Ко&shy;ролева Анг Мей башкарган учурда (1834–41) Камбожада вьетнам тили расмий тил болуп калган. Бирок 1845-жылы Сиамдын жардамы м-н Камбожада ас&shy;кердик төңкөрүш болуп, король Анг Дуонг (1841–60) бийликке келген. Кхмер армиясы сиамдыктар м-н бирдикте Камбожанын борбордук район&shy;дорунан вьетнамдарды сүрүп чыккан ж-а кай&shy;радан Камбожага болгон кош сюзеренитет калыбына келтирилген. Анг Дуонг мамлекетти чыңдоо үчүн социалдык-экономикалык реформа жүргүзүп, тышкы сая&shy;сатта Франция м-н мамиле түзүүгө аракеттен&shy;ген. 1863-жылы жаңы король Нородом (1860–1904) протекторат жөнүндө Франция м-н келишим түзүп, Камбожага франциялык консул дайындалган. 1865-жылы борбор кайрадан Пномпенге көчүрүлгөн. 1867-жылы Камбожаны бөлүштүрүү жөнүндө Франция м-н Сиам расмий


==Тарыхы==
. Млу-Прей, Лонгирао ж-а Самроунг- Севдеги археол. казмалардын табылгалары К-да палеолит (б. з. ч. 14-миң жылдык) доору&shy;нан адам жашаганын далилдейт. Соңку неолитте
(б. з. ч. 6–5-миң жылдык) дарыя бойлорунда
кыштактар пайда болгон. Калкы дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесипте&shy;нишкен. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Б. з. 1-к-нда К. аймагында алгачкы кул ээлөөчүлүк мамле&shy;кет – Бапном (Фунань) түзүлгөн. Мамлекет Ме&shy;конг д-нын төмөнкү агымында жайгашып, бор&shy;бору Вьядхапур ш. болгон. 2–3-к-да Бапном ий&shy;гиликтүү согуштардын натыйжасында өлкө ай&shy;мактарын кеңейткен. Индия, Кытай, Иран ж-а Рим империясы м-н соода жүргүзгөн. Бапном&shy;дун калкы негизинен бутпарастык ишенимдер м-н жашашкан. 6-к-да Бапном начарлай баш&shy;тап, мурда ага көз каранды болгон Ченла мам&shy;лекети күч алган. Анын борбору Меконг ж-а Мун д-нын ортонку агымында жайгашкан. 6- к-дын ортосунда Ченланын башкаруучусу Бха&shy;ваварман I (болжол м-н 550–600) Бапном м-н
Ченланы бириктирип, кхмерлер мамлекетин түзгөн. Ишановарман Iнин тушунда (болжол
м-н 612–628) жаңы борбор – Ишанапур салын&shy;ган. Негизинен дыйканчылык м-н кесиптениш&shy;кен. Тынымсыз согуштар ж-а ич ара талаш-тар&shy;тыштар анын кулашына алып келген. Ченла мамлекети 8-к-дын башында өз алдынча эки мамлекетке (Жер Ченла ж-а Суу Ченла) бөлү&shy;нүп, Индикитай ж. а-нын түш. бөлүгүн ээлеген. 9-к-да Суу Ченланын мурдагы аймагында Кам&shy;бужадеша кхмер империясы (борбору Ангкор&shy;до) пайда болгон. Бул империя Сурьяварман I, Сурьяварман II ж-а Жайаварман VII бийлеген мезгилде жогору өнүгүп, Түш. Чыгыш Азияда&shy;гы ири мамлекет болгон. Басып алуучулук жор&shy;туулдары ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн аймагы кеңейип, Ангкор-Ват, Ангкор-Тхом, Байон сыяк&shy;туу дүйнөлүк арх-ранын шедеври болгон ири ку&shy;рулуштар салынган. 13-к-дын ортосунда импе&shy;рия начарлап, 1336-ж. Чае башында турган будда династиясынын бийликке келиши м-н Камбу&shy;жадеша жоюлган. Будда монархы король наа&shy;мына ээ болуп, кхмерлердин салттуу мад-тын
өркүндөткөн. 14-к-дын 2-жарымында – 15-к-дын
башында К. аймагына тьямдар ж-а сиамдык&shy;тар кол салып турушкан. 14-к-да Аютия (Сиам) тай мамлекети негизделгенден кийин тыным&shy;сыз коркунуч туудуруп, акыры К-нын борборун
басып алган. Король Понья Ят (1405–67) гана
тайларды кууп чыккан. 1434-ж. кхмерлер мам&shy;лекетинин борбору Ангкордон Пномпенге көчү&shy;рүлгөн. 16–18-к-да К. коңшу мамлекеттер – Сиам
ж-а Дайвьет м-н согушуп турган, натыйжада К-нын экон. ж-а саясий абалы төмөндөгөн. Мам&shy;лекеттин борбору Удонгго көчүрүлгөн. 17-к-да К-га европалыктар келе баштаган. 1640-ж. ни&shy;дерланддык фактория пайда болуп, үзгүлтүк м-н 1652-ж. чейин өкүм сүргөн. Кхмер феодал&shy;дарынын өз ара чыр-чатактарынын натыйжа&shy;сында, өлкө Сиам ж-а Дайвьеттерге көз каран&shy;ды болуп калган. Борборун ж-а батыш район&shy;дорун король Чей Четта IV, чыгышын Анг Нон башкарган. 1807-ж. Анг Тян IIнин башкаруу мезгилинде К. Сиам (Таиланд) м-н Вьетнамдын (1804-жылга чейин Дайвьеттин) кош сюзерени&shy;тетине дуушар болгон. 1830-жылдары Вьетнам
К-га күчтүү таасирин тийгизген. К. провинция&shy;ларга бөлүнүп, аларга вьетнамча аталыштар ко&shy;юлган. Борб. ж-а Чыгыш К-да вьетнам ас&shy;керлери жайгашып, Сайгонго жол курулган. Ко&shy;ролева Анг Мей башкарган учурда (1834–41)
К-да вьетнам тили расмий тил болуп калган. Бирок 1845-ж. Сиамдын жардамы м-н К-да ас&shy;кердик төңкөрүш болуп, король Анг Дуонг
(1841–60) бийликке келген. Кхмер армиясы
сиамдыктар м-н бирдикте К-нын борб. район&shy;дорунан вьетнамдарды сүрүп чыккан ж-а кай&shy;радан К-га болгон кош сюзеренитет калыбына келтирилген. Анг Дуонг мамлекетти чыңдоо
үчүн соц.-экон. реформа жүргүзүп, тышкы сая&shy;сатта Франция м-н мамиле түзүүгө аракеттен&shy;ген.
1863-ж. жаңы король Нородом (1860–1904)
протекторат ж-дө Франция м-н келишим түзүп, К-га фр. консул дайындалган. 1865-ж. борбор кайрадан Пномпенге көчүрүлгөн. 1867-ж. К-ны бөлүштүрүү ж-дө Франция м-н Сиам расмий





05:26, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАМБО́ЖА , К а м­ б о ж а К о р о л д у­г у – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет, Индикытай жарым аралынын түштүгүндө жай - гашкан. Батышы­нан ж-а түндүк-баты­шынан Таиланд, түндүгүнөн Лаос, чы­гышынан ж-а түштүк-чыгышынан Вьет­нам м-н чектешет, түштүгүн ж-а түштүк- батышын Түштүк Кы­тай деңизинин Сиам булуңу чулгайт. Аян­ты 181,0 миң км2, анын 4,5 миң км2ин ички суулар ээлейт. Калкы 14,1 млн (2008). Борбо­ру – Пномпень. Акча бирдиги – риель. Расмий

тили – кхмер тили. Административдик-аймактык жактан 20 про­винцияга (кхает) ж-а борборго баш ийген 4 му­ниципияга (кронг) бөлүнөт (к. таблицаны).
Камбожа – БУУга (1955), ЭВФке (1970), Эл аралык

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1970), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясына (АСЕАН; 1999), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (2004), «Европа – Азия» форумуна (АСЕМ; 2004) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Камбожа– унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – монархиялык кон­ституция. 1993-жылы 21-сентябрда Конституция­сы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – ко­роль, Корона Кеңешинде (Улуттук ассамблея­нын төрагасы, төраганын эки орун басары, пре­мьер-министр, жогорку дин кызматчылары) шайланат. Король жогорку кызмат адамдарын дайындоого макулдук берет ж-а куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны – эки палаталуу (Улуттук ассамблея ж-а Сенат) парламент. Улуттук ассамблея 122 мүчөдөн турат, 5 жылга шайланат. Сенаторлор­дун саны Улуттук ассамблея мүчөлөрүнүн саны­нан аз (сенаттын 2 мүчөсүн король дайындайт, экөөнү Улуттук ассамблея, калганын эл 6 жыл­дык мөөнөткө шайлайт). Сенаттын төрагасы король жок мезгилде мамлекет башчысынын милдетин аткарат. Аткаруу бийлигинин жогор­ку органы – премьер-министр жетектеген ми­нистрлер кабинети. Кабинеттин курамы Улут­тук ассамблеянын макулдугу м-н король тара­бынан бекитилет. Камбожада көп партиялуу сис­тема орун алган. Негизги партиялары – Кам­божа элдик партиясы (КЭП), ФУНСИНПЕК, Сам Рэнси.

Табияты. Сиам (Таиланд) булуңунун жээкте­ри эрозиялык-тектоникалык жактан өтө тилмеленген (риас тибине кирет); ички Кампонгсаом булу­ңунун жээктери мангр токойлуу. Камбожанын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгын көл-аллювий кыртыштуу Камбожа түздүгү ээлейт. Түштүк-баты­шында Кравань (бийиктиги 1813 мге чейин, Ораль чокусу – Камбожанын эң бийик жери) ж-а Дамрэй (1079 м, Боккоу чокусу) тоолору жайгашкан.

Камбожа түздүгү.

Чыгышында Камбожанын аймагына Чыонгшон тоолорунун батыш тармактары (1547 м) ж-а Борбордук плато (1108 м) кирип турат. Камбожанын аймагын кем­брийге чейинки Инди-Синай массивинин чет-жа­касы ж-а аны батыштан ж-а түштүктөн курча­ган Юннань-Малайя бүктөлүү системасы (ким­мерий) ээлейт. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү табигый газ, таш көмүр, темир кенташ­тары, боксит, алтын, марганец ж-а жез кенташ­тары, асыл таштар (рубин, сапфир, циркон, аме­тист) ж. б. Камбожага субэкватордук муссондуу кли­мат мүнөздүү; жайы нымдуу, кышы салыштыр­малуу кургак. Эң ысык айынын (апрель) орточо температурасы 30°С, эң серүүн айыныкы (декабрь) 26°С. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү түз­дүктөрдө 700–1500 мм, тоолордун муссонго ка­раган түштүк-батыш айдарым капталдарында 2000–3000 мм. Нымдуу сезону – майдан ноябр­га чейин. Камбожа суу ресурстарына бай (476 км3/жыл); дарыялары жыш. Өлкөнү түндүктөн түштүктү карай Азиядагы ири дарыялардын бири – Ме­конг кесип өтөт; Камбожанын аймагында башынан аягына чейин кеме каттайт. Борбордук бөлүгүндө Индикытай жарым аралындагы эң ири көл – Тонлесап

Меконг дарыясы.

жайгашкан. Ал суу салаасы аркылуу Меконг м-н туташат. Көлдүн тегерегиндеги зор аймак, Меконг м-н Бассак дарыяларынын аралыгы саздак. То­кой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 52%ин ээлейт. Түздүктөрдө жергиликтүү өсүмдүктөрдүн курамында жалбырагын күбүүчү муссондук то­кой (диптерекарп, чанактуулар ж. б.), кургак­чыл батышында саванна токою, ксерофилдик сейрек токой (кызыл-коңур топурактагы паль­мира, гуава, жапайы бал камыш, жапыз бам­бук) таралган. Тоолордун муссонду караган түштүк- батыш капталдарын кызыл-сары ферралит то­пурактуу түргө бай дайыма жашыл тропик то­кою ээлейт. Сиам булуңунун жээги мангр то­койлуу. 1990–2000-жылдарда токойдун 6%и жок бол­гон. Камбожа түздүгүнүн күрдүү аллювий топу­рактуу басымдуу бөлүгүнүн табигый өсүмдүктөрү шалы палдары, жапыз өскөн дарак, бадалдар, кант пальмасы ж. б. м-н алмашкан. Жаныбар­лар дүйнөсү өтө ар түрдүү: сүт эмүүчүлөрдүн 123 түрү (анын 24 түрү жоголуу алдында турат), сой­локтордун 114 түрү (10у жоголуу коркунучунда) мекендейт; куштардын 183 түрү (19у жоголуу алдында) уялайт. Купрей, бантенг, гаур, таи­ланд бугусу, индия пили, жолборс, кабылан, гиббон ж. б. мекендейт; Меконг ж-а анын куй­маларында крокодил бар.
Камбожадагы коргоого алынган 29 аймак өлкөнүн 23,7% аянтын ээлейт; алар: улуттук парктар (Пном-Бокор, Реам ж. б.), табият резерваттары (Пном-Ораль, Бэнг-Пер, Бном-Самкос, Кулен- Промтеп ж. б.), коргоого алынган ландшафт­тар (Ангкор ж. б.), коргоого алынган токойлор­дун ири массивдери. Тонлесап көлүнүн тегере­гидеги жерлер ЮНЕСКОнун биосфералык резер­ваттарына киргизилген.

Калкы. Австралия-азия тилдеринде сүйлөгөн­дөр Камбожанын калкынын 92,3%ин түзөт; анын 87,1%и кхмерлер, 0,8%и тоолук кхмерлер, 4,3%и вьеттер, 2,5%и австронезиялыктар, 0,9%и тайлар. Ошондой эле кытай (4,1%), мьянма, тамил, англис, француз ж. б. улуттар да жа­шайт. Калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо темпи акырындап төмөндөөдө (20-кылымдын аягын­да 2,0–2,1%; 2007-жылы 1,7%). Төрөлүү 1000 тур­гунга 25,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 8,2 адам туура келет. Сырткы миграциянын саль-

Пномпень шаары.

досу нөлгө жакын. 15 жашка чейинки балдар калктын 34%ин, эмгекке жарамдуу курактагы­лар (15–64 жаш) 62,4%ин, 65тен улуулар 3,6%ин түзөт. Орто эсеп м-н 1000 аялга 95,3 эркек туура келет. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 61,3 жыл (эркектердики 59,3, аялдардыкы 63,4 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 80дей адам туура келет. Ири шаарлары: Пном­пень (1398,4 миң), Баттанбанг (176, миң), Сиа­нуквиль (142,9 миң), Сиемреап (128,6 миң; 2008).
Мамлекеттик дини – буддизм; буддисттер өлкөнүн кал­кынын 95%ин, мусулмандар 2%ин түзөт.

Тарыхы. Млу-Прей, Лонгирао ж-а Самроунг- Севдеги археологиялык казмалардын табылгалары Камбожада палеолит (б. з. ч. 14-миң жылдык) доору­нан адам жашаганын далилдейт. Соңку неолитте (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) дарыя бойлорунда кыштактар пайда болгон. Калкы дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесипте­нишкен. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Б. з. 1-кылымында Камбожа аймагында алгачкы кул ээлөөчүлүк мамле­кет – Бапном (Фунань) түзүлгөн. Мамлекет Ме­конг дарыясынын төмөнкү агымында жайгашып, бор­бору Вьядхапур шаары болгон. 2–3-кылымдарда Бапном ий­гиликтүү согуштардын натыйжасында өлкө ай­мактарын кеңейткен. Индия, Кытай, Иран ж-а Рим империясы м-н соода жүргүзгөн. Бапном­дун калкы негизинен бутпарастык ишенимдер м-н жашашкан. 6-кылымда Бапном начарлай баш­тап, мурда ага көз каранды болгон Ченла мам­лекети күч алган. Анын борбору Меконг ж-а Мун дарыяларынын ортонку агымында жайгашкан. 6- кылымдын ортосунда Ченланын башкаруучусу Бха­ваварман I (болжол м-н 550–600) Бапном м-н Ченланы бириктирип, кхмерлер мамлекетин түзгөн. Ишановарман Iнин тушунда (болжол м-н 612–628) жаңы борбор – Ишанапур салын­ган. Негизинен дыйканчылык м-н кесиптениш­кен. Тынымсыз согуштар ж-а ич ара талаш-тар­тыштар анын кулашына алып келген. Ченла мамлекети 8-кылымдын башында өз алдынча эки мамлекетке (Жер Ченла ж-а Суу Ченла) бөлү­нүп, Индикитай жарым аралынын түштүк бөлүгүн ээлеген. 9-кылымда Суу Ченланын мурдагы аймагында Кам­бужадеша кхмер империясы (борбору Ангкор­до) пайда болгон. Бул империя Сурьяварман I, Сурьяварман II ж-а Жайаварман VII бийлеген мезгилде жогору өнүгүп, Түштүк Чыгыш Азияда­гы ири мамлекет болгон. Басып алуучулук жор­туулдары ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн аймагы кеңейип, Ангкор-Ват, Ангкор-Тхом, Байон сыяк­туу дүйнөлүк архитектуранын шедеври болгон ири ку­рулуштар салынган. 13-кылымдын ортосунда импе­рия начарлап, 1336-жылы Чае башында турган будда династиясынын бийликке келиши м-н Камбу­жадеша жоюлган. Будда монархы король наа­мына ээ болуп, кхмерлердин салттуу маданиятын өркүндөткөн. 14-кылымдын 2-жарымында – 15-кылымдын башында Камбожа аймагына тьямдар ж-а сиамдык­тар кол салып турушкан. 14-кылымда Аютия (Сиам) тай мамлекети негизделгенден кийин тыным­сыз коркунуч туудуруп, акыры Камбожанын борборун басып алган. Король Понья Ят (1405–67) гана тайларды кууп чыккан. 1434-жылы кхмерлер мам­лекетинин борбору Ангкордон Пномпенге көчү­рүлгөн. 16–18-кылымдарда Камбожа коңшу мамлекеттер – Сиам ж-а Дайвьет м-н согушуп турган, натыйжада Камбожанын экономикалык ж-а саясий абалы төмөндөгөн. Мам­лекеттин борбору Удонгго көчүрүлгөн. 17-кылымда Камбожага европалыктар келе баштаган. 1640-жылы ни­дерланддык фактория пайда болуп, үзгүлтүк м-н 1652-жылга чейин өкүм сүргөн. Кхмер феодал­дарынын өз ара чыр-чатактарынын натыйжа­сында, өлкө Сиам ж-а Дайвьеттерге көз каран­ды болуп калган. Борборун ж-а батыш район­дорун король Чей Четта IV, чыгышын Анг Нон башкарган. 1807-жылы Анг Тян IIнин башкаруу мезгилинде К. Сиам (Таиланд) м-н Вьетнамдын (1804-жылга чейин Дайвьеттин) кош сюзерени­тетине дуушар болгон. 1830-жылдары Вьетнам Камбожага күчтүү таасирин тийгизген. Камбожа провинция­ларга бөлүнүп, аларга вьетнамча аталыштар ко­юлган. Борбордук ж-а Чыгыш Камбожада вьетнам ас­керлери жайгашып, Сайгонго жол курулган. Ко­ролева Анг Мей башкарган учурда (1834–41) Камбожада вьетнам тили расмий тил болуп калган. Бирок 1845-жылы Сиамдын жардамы м-н Камбожада ас­кердик төңкөрүш болуп, король Анг Дуонг (1841–60) бийликке келген. Кхмер армиясы сиамдыктар м-н бирдикте Камбожанын борбордук район­дорунан вьетнамдарды сүрүп чыккан ж-а кай­радан Камбожага болгон кош сюзеренитет калыбына келтирилген. Анг Дуонг мамлекетти чыңдоо үчүн социалдык-экономикалык реформа жүргүзүп, тышкы сая­сатта Франция м-н мамиле түзүүгө аракеттен­ген. 1863-жылы жаңы король Нородом (1860–1904) протекторат жөнүндө Франция м-н келишим түзүп, Камбожага франциялык консул дайындалган. 1865-жылы борбор кайрадан Пномпенге көчүрүлгөн. 1867-жылы Камбожаны бөлүштүрүү жөнүндө Франция м-н Сиам расмий


түрдө келишим түзүп, Сиам француз протекто­ратын таанып, Баттамбанг м-н Ангкор провин­цияларына ээлик кылган. Өлкө Францияга көз каранды болуп калганына байланыштуу К-да көтөрүлүштөр (1864–65-, 1865–67-, 1876–77-, 1886– 91-ж.) чыккан. 1877-ж. Франция Нородомдун королдук бийлигин чектеген. 1884-жылдагы Франция-Камбожа келишими К-ны Франция­нын колониясына айландырган. 1887-ж. Аннам, Тонкин ж-а Кохинхин м-н бирге К. Француз­дук Индикытайдын курамына кирген. 1887-жыл­дагы указ б-ча кхмер королу мамл. башкаруу иштерине катышуу укугунан ажырап, өлкөнү фр. резидент жетектеген Министрлер Кеңе­ши башкарган. Сайгон ш. экон. борборго ай­ланган. 1904–07-ж. Сиам К-нын батыш ж-а түн. провинцияларын (Баттамбанг ж-а Ангкор) кайтарып берген. 1914–45-ж. француздар К-да транспорт м-н плантациялык чарбаларды өнүк­түргөн. 1920-ж. К-да улуттук-боштондук кыймыл баш­талган. Кыймылга аз сандагы жарандык ин­теллигенция, буддизм дин өкүлдөрү катышкан. 1930-ж. Индикитай Компартиясы түзүлүп, анын курамына камбожалыктар да кирген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында К-нын батыш ж-а түн. провинцияларын басып алуу макса­тында Таиланд бийлиги согуш аракеттерин баш­таган (1940-ж., ноябрь айында). 1941-ж. «Виши» француз өкмөтү Индикытай аймагына аскер күч­төрүн киргизүүгө Японияга укук берген. 1941-ж. майдагы келишим б-ча Түн. К-ны Таиланд өзүнө каратып алган. Францияга көз каранды болуу­ну каалабаган кхмер улутчулдары Япония та­рапка оогон. 1945-ж. япон аскерлери фр. адми­нистрацияны таркатып, К-нын көз карандысыз­дыгы жарыяланган. Бирок экинчи дүйнөлүк согушта Япония жеңилгенден кийин Пном­пенге француздар кайра келип, Сон Нгок Тха­немдин япондук багыттагы өкмөтүн жоюшкан. 1946-ж. январда Франция өкмөтү ж-а К. ке­лишим түзүшүп, К. Француз Союзунун чегинде автономияга ээ болгон. Ошол эле жылы Демокр. ж-а Либералдык саясий партиялар түзүлгөн. 1947-жылдагы Конституция б-ча К. конституциялык монархия деп жарыялан­ган. 1940-жылдардын аягында К-да француз бийлигине каршы куралдуу улуттук-боштондук күрөш башталган. Куралдуу күрөш ж-а король Народом Сиануктун дипл. аракеттери м-н 1953-ж. К. формалдуу түрдө көз карансыздыгын алган. 1955-ж. мартта Нородом Сианук королдук ор­дун атасы – Нородом Сурамаритиге берип, өзү премьер-министрдин ордун ээлеген. Нородом Сианук өлкөдөгү саясий партияларды бирикти­рип, Элдик-соц. коом (Сангкум) деген саясий уюм уюштурган. Ал коом мамл. деңгээлдеги уюмга айланып, өз ишин 1970-ж-га чейин жүргүзгөн. Нородом Сурамарити К-нын көз ка­рандысыздыгын ж-а эркин өнүгүшүн камсыз кылуучу саясат жүргүзүп, тышкы саясатында бейтарап жолду тута турганын мыйзам жүзүндө ырастаган. 1955-жылдан К. БУУнун мүчөсү. 1956-ж. К. м-н СССРдин ортосунда дипл. мами­ле түзүлгөн. 1960-ж. Народом Сурамарити өлгөн­дөн кийин Народом Сианук мамлекет башчысы болуп калган. Народом Сиануктун жүргүзгөн жеке бийлигинин убагында мамлекеттин эконо­микасы төмөндөп, элдин абалы оордоп, бийлик­ке болгон нааразылык күчөгөн. 1970-ж. К-да мамл. төңкөрүш болуп, генерал Лон Нолдун аскердик режими орногон. Монархия жоюлуп, Кхмер Респ. жарыяланган. 1970-ж. апрелде АКШ Түш. К-га куралдуу интервенция жасаган. 1970-ж. май айында Нородом Сиануктун кол­доочулары тарабынан Пекинде Камбожа улут­тук биримдик фронту (КУБФ), о. эле Улуттук биримдиктин өкмөтү түзүлүп, анын жетекчили­ги амер. агрессорлорго ж-а Лон Нолдун режими­не каршы күрөш жүргүзгөн. К-да башталган жарандык согуш Камбожа улуттук биримдик фронттун жеңиши м-н аяктаган. 1975-ж. К-да бийликке «кызыл кхмерлер» келип, мамлекет Демокр. Кампучия деп аталган. Пол Пот К-нын премьер-министри, Кхиеу Сам фан Мамл. прези­диумдун президенти болуп дайындалган. К-да баары мамлекеттештирилип, саясат репрессия аркылуу жүргүзүлгөн. Натыйжада 1,5 млн кам­божалык репрессиянын курманы болгон. Тыш­кы саясатта башка мамлекеттер м-н алакага тыюу салынып, айрым гана мамлекеттер (КЭР, КЭДР) м-н дипл. мамилелер сакталган. 1970- жылдардын 2-жарымынан ачык эле Вьетнамга каршы саясат жүргүзүлүп, чек арадан чыр-ча­тактар м-н коштолгон. 1978-ж. Вьетнамдын колдоосу м-н «кызыл кхмерлерге» каршы бир­диктүү Кампучия улутту куткаруу фронту тү­зүлүп, 1979-ж. январда вьетнам аскер күчтө­рүнүн колдоосу м-н Пол Поттун режими кула­тылып, Кампучия Эл Респ. жарыяланган. Бий­лик Хенг Самрин жетектеген Кампучия эл­дик рев-ялык кеңешине өткөн. 1981-ж. жаңы Конституция күчүнө кирген. Кампучия ком­мунисттик партиясы (ККП) Кампучия элдик респ. партия (КЭРП) болуп өзгөрүлгөн. Өлкөнүн калкы тынч жашоого өтүп, экон. ж-а гумани­тардык чөйрөлөр калыптана баштаган. Мамле­кет соц. өлкөлөр м-н тыгыз кызматташып, экон. колдоолорго ээ болгон. 1989-ж. Кампучия Эл Респ. Камбожа мамлекети деп аталган. 1991-ж. КЭРП партиясы Камбожа Элдик партиясы (КЭП) деп аталып, партиянын уставына өзгөртүүлөр кир­гизилген. Буддизм мамл. дин катары жарыя­ланган. 1989–93-ж. БУУ өлкөдөгү ич ара согуштук ка­гылышууларды токтотууга аракеттерди жасап, 1993-ж. К-да шайлоо өткөрүлгөн. Ошол эле жылы жаңы Конституция жазылып, Нородом Сианук башкарган Камбожа Королдугу түзүлгөн.
Өлкөдө конституциялык монархия ж-а көп партиялуу система орногон. 1993–97-ж. өткөрүл­гөн шайлоолордун негизинде укуктары бир­дей болгон эки премьер-министр (Нородом Ра­нарит, Хун Сен) жетектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 1998- ж-а 2003-жылдардагы шайлоолордо Камбожа элдик партиясы жеңиш­ке жетип, парламенттеги көпчүлүк орунду ээле­ген. 1999-ж. К. АСЕАНдын курамына кирген. 2004-ж. Нородом Сианук тактыны уулу Норо­дом Сиамониге тапшырган. Учурда өлкөдө экон. реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жогорку темпте өнүгүүдө. К-нын негизги стратегиялык өнөгү – Кытай. К-нын негизги экон. донору – Япония. Вьетнам м-н тыгыз ж-а ишенимдүү ала­калашып, коргоо ж-а коопсуздук маселелерин талкуулап турат. Франция К-да туруктуу салт­туу өңүттү ээлейт. ЕС К-га жакырчылык м-н кү­рөшүүгө, билим берүүнүн, саламаттык сактоо­нун өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт. Эл аралык терроризм м-н күрөшүү ж. б. тармактарда АКШ, Россия ж. б. мамлекеттер м-н тыгыз байла­нышта.

Чарбасы

. К. дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн ка­тарына кирет. ИДПнин көлөмү 38,9 млрд дол­лар (2006), аны киши башына бөлүштүргөндө 2800 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,598 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичи­нен 131-орун). К-нын экономикасы 1990-жыл­дан баштап туруктуу өнүгө баштады. Өнүгүүсүнүн негизги факторлору: арзан жумушчу күчүнүн көптүгү, о. эле сырткы экон. жардамдын арбын­дыгы (мамл. бюджеттин таңкыстыгын жабат). Мамл. бюджеттин кирешеси 836,2 млн доллар, чыгашасы 978,7 млн доллар. Мамл. экон. сая­сат чарбанын жеке менчик секторунун өнү­гүүсүнө ж-а өлкөгө чет элдик инвестициянын келишине ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Инвестиция негизинен кийим тигүү ө. ж-н, мей­манкана ж-а ресторан бизнесин, байланыш сис­темасын өнүктүрүүгө түздөн-түз жумшалат. Ин­вестиция Малайзия, Тайвань, АКШ, Кытай, Түш. Корея, Сянган, Сингапур, Таиланд ж. б-дан түшүп, анын басымдуу бөлүгү Пномпень борб. муниципиясында топтолот. Өлкөнүн экон. өнү­гүүсүндөгү башкы проблемалар – калктын ба­сымдуу бөлүгүнүн (өзгөчө борбордон алыс жай­гашкан айыл калкынын) жакырлыгы, шаар­ларда криминалдык кырдаалдын татаалдыгы, баңгизат (К. аркылуу «Алтын үч бурчтук» деп аталган өлкөлөрдөн Сиам булуңунун порттору­на наркотрафик өтөт) ж-а товар контрабанда­сы (өлкөдөн күрүч мыйзамсыз чыгарылып, Вьет­нам ж-а Таиланддан керектөө товарлары мый­замсыз алып келинет). БУУнун көмөгү м-н мина коркунучу (К-да жердеги минанын ж-а жарыл­бай калган снаряддын саны 4–6 млн бирдикке жетет) ж-а жашыруун миграция проблемасы акырындап жоюлууда.
Тейлөө чөйрөсүнүн ИДПдеги үлүшү 38,6%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 35,1%, ө. ж-ныкы 26,2% (2006). Электр-энергетикасы­нын негизин импорттук отун м-н иштеген ди­зель электр станциялары түзөт (жалпы кубат­туулугу 13 миң МВт). 2004-ж. 121,8 млн кВт. с электр энергиясы өндүрүлгөн; импорттук электр­энергия (Вьетнамдан алат) 2002–06-ж. 85 млн кВт.сты түзгөн. Электр энергиясынын тартыш­тыгына ж-а энергия булактарына болгон дүйнө­лүк баанын өсүшүнө байланыштуу келечекте гид­роэнергетиканы өнүктүрүү каралууда. Өлкөнүн энергетикасынын ж-а жалпы эле экономикасы­нын өнүгүү келечеги Сиам булуңунун деңиздик шельфиндеги нефть ж-а газ кендерине байла­ныштырылат. Ө. ж. продукциясынын 90%тейи кийим тигүү ө. ж-на таандык (2006). 247 кийим тигүү ф-касы иштейт (негизинен Пномпень ш-нда ж-а тегерегинде). Продукциясынын дээр­лик бардыгы АКШга ж-а Европа союзуна кир­ген өлкөлөргө экспорттолот. Өлкөнүн экспор­тунун наркынын 60%тейи (2 млрд доллардан ашыгы; 2005) тигилүү кийимге туура келет. О. эле тамак-аш (а. и. күрүч актоо), тамеки (сигаре­та) чыгаруучу, каучукту, жыгачты ж. б. сырьё- ну алгачкы иштетүүчү ө. ж. ишканалары, це­мент з-ду иштейт.
Өлкөнүн аймагынын 21,4% аянты иштети­лип, анын 20,4%и айдалат, 0,6%и көп жыл­дык өсүмдүктөр плантациясы. Сугат жери 2,7 миң км2. Агр. закон жер ээлиги б-ча төмөнкү формаларды караган: огород жерлерди жеке мен­чикке берүү; өлчөмү 5 гага чейинки а. ч. жерле­рин мураска калтыруу укугу; аянты чоң жер участкаларын ижарага берүү ж-а сатуу укугусуз мурастоо концессиясы. Айдоо аянтынын 1/ инен ашыгына өлкөнүн негизги азык-түлүгү болгон – шалы (күрүч) эгилет. Шалы негизинен Меконг д-нын өрөөнүндө ж-а Баттамбанг провинция­сында өстүрүлөт; анын ондогон сорту бар, Ме­конг өрөөнүнүн айрым жерлеринде «калкыма», бийик жаткан түздүктөрдө кайрак шалы эги­лет. Табияты жылына эки жолу түшүм алууга шарт түзөт. 2005-ж. 4,2 млн T күрүч жыйнал-

Шалы тигүү.
Сиануквиль шаарына жакын жайгашкан балыкчы­лар айылы.

ган; башка азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн батат, жүгөрү, соя буурчактары, о. эле жашылча, ба­нан, апельсин, жер жаңгак, калемпир өстүрүлөт.
Маанилүү экспорттук агр. продукту – накта каучук, каучуктуу өсүмдүк плантациясынын жалпы аянты 150 миң га. Башка тех. өсүмдүк­төрдөн тамеки, бал камыш, күнжүт, кант, май ж-а кокос пальмалары өстүрүлөт. Жайыт мал чарбачылыгынын өнүгүүсү үчүн да ыңгайлуу шар­ты бар. Бирок сүт ж-а эт багытындагы мал чар­басы начар өнүккөн; малы негизинен күч унаа катары пайдаланылат. 2005-ж. 127,5 миң T чоч­ко эти, 61,1 миң T мал эти, 16,5 миң T куш эти 13,6 миң T буйвол эти даярдалган. Балык (ай­рыкча Тонлесап көлүнөн) кармалат.
Экономикасынын эң ылдам өнүгүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү; ал негизинен чет элдик туристтердин келишине байланыштуу (2006-ж. 2 млндон ашык турист келген). Туризм­дин 50%тен ашыгы өлкөнүн түндүгүндөгү Анг­кор арх-ралык комплексин көргөнү келет. Мей­манкана ж-а ресторан, ички (дүң ж-а чекене) соода бизнеси, байланыш ж-а телекоммуника­ция системасы өнүккөн.
Автомобиль жолунун жалпы уз. 38,3 миң км, т. ж-нуку 602 км (2006); эки т. ж. линиясы бар: Пномпень – Баттамбаг – Пайопет (Таиланд м-н

Камбожа акчасы.

чек арада); Пномпень – Сиануквиль (Сиам бу­луңунун жээгинде). Ички суу жолунун (Меконг д. ж-а анын куймалары) уз. 2,4 миң км (2005).
Негизги дарыя порту – Пномпень, деңиз пор­ту – Сиануквиль. К-нын «арзан» желеги м-н 586 соода кемеси жүрөт. 17 аэропорту бар, эл аралык 2 аэропорту – Пномпень м-н Сиемреап­те. Вьетнам, Кытай, Лаос, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Түш. Корея, Тайвань м-н авиакатта­мы бар (2006).
Экспортунда тигилүү буюмдар басымдуу; о. эле накта каучук, күрүч, деңиз азыктарын чыга­рат. К-нын товарлары АКШ (53,3%и), Сянган (15,2), Германия (6,6%), Улуу Британияга (4,3%) чыгарылат. Сырттан нефть продукту­ларын, конструкциялык материалдарды, маши­на ж-а жабдууларды, а. и. автомобиль, кеңири керектелүүчү товарларды сатып алат. Азык то­варларды негизинен Сянган (18,1%), Кытай (17,5%), Таиланд (13,8%), Тайвань (12,7%), Вьетнам (9,0%), Сингапур (5,3%), Түш. Корея (4,9%), Япониядан (4,3%) алат.

Маданияты

Камбожада окуу жайларын башкаруу Билим, жаштар жана спорт министрлиги тара­бынан ишке ашырылат. 1993-жылы милдеттүү жанаа акысыз 9 жылдык билим берүү киргизилген. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана 6 жылдык башталгыч, баштапкы орто (3 жылдык курс), жогорку билимге даярдоо мак­сатында кошумча орто (мамлекеттик жана менчик кол­леж) билим берүүнү камтыйт. 2005-жылы балдар­дын 10%и мектепке чейинки мекемелерде тар­бияланган, 96%и башталгыч, 24%и орто билим алган. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жого­ру 73,6% (ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2005). 12 мамлекеттик жана 30 менчик жогорку окуу жайы (жарандык жана диний) бар. Ири жогорку окуу жайлары: Будда университети (1954), Пномпень королдук университети (1960), Жогорку техникалык институту (1981) жана башкалар. Илимий мекемелери: Буддизм институ­ту (музей жана Камбожадагы ири китепкана – 40 миң­ден ашык том жана пальма жалбырагына жа­зылган 16 миңден ашык кол жазма), Ресурстар­ды өнүктүрүү институту (1990), Адам укуктары ин­ституту (1993), Социалдык өнүгүү борбору (1995), Улуттук саламаттык сактоо институту, Улуттук китепкана (1924), Улуттук музейи (1920), гено­цид музейи (1979) бар. Бардык мекемелер Пном­пенде жайгашкан.
Камбожада 100дөн ашык гезит жана журналдар кхмер [«Расмей Кампучия» (1993); «Монеасека кхмер» (1993); «Чакраваль Дейли» (1993) жана башкалар], ошондой эле англис, француз жана кытай тилдеринде чы­гат (2007). 1975-жылдан радио уктуруусу, 1966-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Камбожанын Улуттук маа­лыматтык агенттиги – «Agence Kampuchea Presse».

XVI кылымга чейин Камбожанын адабияты санскрит жана пали, кийинчерээк кхмер тилдеринде өнүккөн. XIV–XV кылымдардагы адабияттын жалгыз эстелиги – пали тилин­деги «Элүү жатак» жыйнагы. Кхмер тилиндеги алгачкы чыгармалар XVI кылымда пайда болгон (Чей Нондун ырлары; Панг, «Ангкор жөнүндө поэма», 1598). XVII–XIX кылымдарда жатак темасында ыр түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы адабият кечил Саом­дун «Тум менен Тиев» поэмасы (1916) менен башта­лат. Ньок Тхаемдин «Пайлин атыр гүлү» рома­ны чыккандан кийин социалдык теңсиздик, аялдар, жаштар темасындагы роман адабиятта не­гизги орунду ээлеген. XX кылымдын аягы –XXI кылымдын башында ар кыл жанрдагы романдар жазылды (Паль Воаннари Реак, Мау Сомнанг). 1955-жылы Камбожа жазуучулар ассоциациясы түзүлгөн.
Камбожа аймагында Ханчей, Асрам-Махаросей (VI–VIII кылымдар), Баконг (881), Прэах-Ко (879) жана башка белги­лүү храмдар жана храм комплекстери сакталып калган. IX–XIV кылымдарда Камбужадеша империясынын өкүмдарлары курдурган 10 шаарды камтыган зор Ангкор комплексинде 1000ден ашык мону­менттик курулуштар сакталган: храм-тоо Пном- Бакхенг (893); Пхимеанакас храмы (X кылым); Анг­кор-Ват храм комплекси (XII кылым) жана башкалар. Камбожа Фран­ция колониясына айланганда европалык үлгүдөгү имараттар салына баштаган. 1960-жылдары Камбожада Көз карандысыздык (1960–1962) эстелиги, Чакдомукх залы (1962), Улуттук спорт комп­лекси (1964), Чамкармон сарайы (1966) жана башка архитекту­ралык курулуштар пайда болгон.
Кхмерлердин музыкалык маданияты эң байыркы доорго таандык. Ангкор жана Байон храмдарынын ба­рельефтери музыка-театрдык маданиятынын өнүккө­нүн, музыкалык аспаптардын [барабан (сампхо), чаб,чинг, гонг, булгаары жана мүйүз трубалар (санг), дого, арфалар (пын) жана башкалар] көптүгүн тастыктайт. XIX кылымдын 2-жарымынан кытайлык, малайзия­лык, европалык жана башка музыкалык салттардын Камбожанын мад­аниятына таасири тийген.


Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- Восточная Азия. М., 1979; Марунова И. Б. Древний театр кхмеров. М., 1980; История Кампучии. Краткий

Ангкор-Ваттагы Тхомманон храмы. XII кылымдын 1-жа­рымы.
Ханзада бийи. Кам­божа король балети.

очерк. М., 1981; Пфеффер П. Азия. М., 1982; Алек­сеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Альбанезе М. Ангкор. Величие кхмер­ской цивилизации. М., 2003; Бектимирова Н. Н., Доль­никова В. А. Камбоджа и Таиланд: тенденции полити­ческого развития. М., 2007; Камбоджа //Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.