КАМБОЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМБО́ЖА , К а м­ б о ж а К о р о л д у­г у – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет, Индикытай жарым аралынын түштүгүндө жай - гашкан. Батышы­нан ж-а түндүк-баты­шынан Таиланд, түндүгүнөн Лаос, чы­гышынан ж-а түштүк-чыгышынан Вьет­нам м-н чектешет, түштүгүн ж-а түштүк- батышын Түштүк Кы­тай деңизинин Сиам булуңу чулгайт. Аян­ты 181,0 миң км2, анын 4,5 миң км2ин ички суулар ээлейт. Калкы 17,6 млн (2024). Борбо­ру – Пномпень. Акча бирдиги – риель. Расмий

тили – кхмер тили. Административдик-аймактык жактан 20 про­винцияга (кхает) ж-а борборго баш ийген 4 му­ниципияга (кронг) бөлүнөт (к. таблицаны).
Камбожа – БУУга (1955), ЭВФке (1970), Эл аралык

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1970), Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясына (АСЕАН; 1999), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (2004), «Европа – Азия» форумуна (АСЕМ; 2004) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Камбожа– унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – монархиялык кон­ституция. 1993-жылы 21-сентябрда Конституция­сы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – ко­роль, Корона Кеңешинде (Улуттук ассамблея­нын төрагасы, төраганын эки орун басары, пре­мьер-министр, жогорку дин кызматчылары) шайланат. Король жогорку кызмат адамдарын дайындоого макулдук берет ж-а куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны – эки палаталуу (Улуттук ассамблея ж-а Сенат) парламент. Улуттук ассамблея 122 мүчөдөн турат, 5 жылга шайланат. Сенаторлор­дун саны Улуттук ассамблея мүчөлөрүнүн саны­нан аз (сенаттын 2 мүчөсүн король дайындайт, экөөнү Улуттук ассамблея, калганын эл 6 жыл­дык мөөнөткө шайлайт). Сенаттын төрагасы король жок мезгилде мамлекет башчысынын милдетин аткарат. Аткаруу бийлигинин жогор­ку органы – премьер-министр жетектеген ми­нистрлер кабинети. Кабинеттин курамы Улут­тук ассамблеянын макулдугу м-н король тара­бынан бекитилет. Камбожада көп партиялуу сис­тема орун алган. Негизги партиялары – Кам­божа элдик партиясы (КЭП), ФУНСИНПЕК, Сам Рэнси.

Табияты. Сиам (Таиланд) булуңунун жээкте­ри эрозиялык-тектоникалык жактан өтө тилмеленген (риас тибине кирет); ички Кампонгсаом булу­ңунун жээктери мангр токойлуу. Камбожанын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгын көл-аллювий кыртыштуу Камбожа түздүгү ээлейт. Түштүк-баты­шында Кравань (бийиктиги 1813 мге чейин, Ораль чокусу – Камбожанын эң бийик жери) ж-а Дамрэй (1079 м, Боккоу чокусу) тоолору жайгашкан.

Камбожа түздүгү.

Чыгышында Камбожанын аймагына Чыонгшон тоолорунун батыш тармактары (1547 м) ж-а Борбордук плато (1108 м) кирип турат. Камбожанын аймагын кем­брийге чейинки Инди-Синай массивинин чет-жа­касы ж-а аны батыштан ж-а түштүктөн курча­ган Юннань-Малайя бүктөлүү системасы (ким­мерий) ээлейт. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү табигый газ, таш көмүр, темир кенташ­тары, боксит, алтын, марганец ж-а жез кенташ­тары, асыл таштар (рубин, сапфир, циркон, аме­тист) ж. б. Камбожага субэкватордук муссондуу кли­мат мүнөздүү; жайы нымдуу, кышы салыштыр­малуу кургак. Эң ысык айынын (апрель) орточо температурасы 30°С, эң серүүн айыныкы (декабрь) 26°С. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү түз­дүктөрдө 700–1500 мм, тоолордун муссонго ка­раган түштүк-батыш айдарым капталдарында 2000–3000 мм. Нымдуу сезону – майдан ноябр­га чейин. Камбожа суу ресурстарына бай (476 км3/жыл); дарыялары жыш. Өлкөнү түндүктөн түштүктү карай Азиядагы ири дарыялардын бири – Ме­конг кесип өтөт; Камбожанын аймагында башынан аягына чейин кеме каттайт. Борбордук бөлүгүндө Индикытай жарым аралындагы эң ири көл – Тонлесап

Меконг дарыясы.

жайгашкан. Ал суу салаасы аркылуу Меконг м-н туташат. Көлдүн тегерегиндеги зор аймак, Меконг м-н Бассак дарыяларынын аралыгы саздак. То­кой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 52%ин ээлейт. Түздүктөрдө жергиликтүү өсүмдүктөрдүн курамында жалбырагын күбүүчү муссондук то­кой (диптерекарп, чанактуулар ж. б.), кургак­чыл батышында саванна токою, ксерофилдик сейрек токой (кызыл-коңур топурактагы паль­мира, гуава, жапайы бал камыш, жапыз бам­бук) таралган. Тоолордун муссонду караган түштүк- батыш капталдарын кызыл-сары ферралит то­пурактуу түргө бай дайыма жашыл тропик то­кою ээлейт. Сиам булуңунун жээги мангр то­койлуу. 1990–2000-жылдарда токойдун 6%и жок бол­гон. Камбожа түздүгүнүн күрдүү аллювий топу­рактуу басымдуу бөлүгүнүн табигый өсүмдүктөрү шалы палдары, жапыз өскөн дарак, бадалдар, кант пальмасы ж. б. м-н алмашкан. Жаныбар­лар дүйнөсү өтө ар түрдүү: сүт эмүүчүлөрдүн 123 түрү (анын 24 түрү жоголуу алдында турат), сой­локтордун 114 түрү (10у жоголуу коркунучунда) мекендейт; куштардын 183 түрү (19у жоголуу алдында) уялайт. Купрей, бантенг, гаур, таи­ланд бугусу, индия пили, жолборс, кабылан, гиббон ж. б. мекендейт; Меконг ж-а анын куй­маларында крокодил бар.
Камбожадагы коргоого алынган 29 аймак өлкөнүн 23,7% аянтын ээлейт; алар: улуттук парктар (Пном-Бокор, Реам ж. б.), табият резерваттары (Пном-Ораль, Бэнг-Пер, Бном-Самкос, Кулен- Промтеп ж. б.), коргоого алынган ландшафт­тар (Ангкор ж. б.), коргоого алынган токойлор­дун ири массивдери. Тонлесап көлүнүн тегере­гидеги жерлер ЮНЕСКОнун биосфералык резер­ваттарына киргизилген.

Калкы. Австралия-азия тилдеринде сүйлөгөн­дөр Камбожанын калкынын 92,3%ин түзөт; анын 87,1%и кхмерлер, 0,8%и тоолук кхмерлер, 4,3%и вьеттер, 2,5%и австронезиялыктар, 0,9%и тайлар. Ошондой эле кытай (4,1%), мьянма, тамил, англис, француз ж. б. улуттар да жа­шайт. Калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо темпи акырындап төмөндөөдө (20-кылымдын аягын­да 2,0–2,1%; 2007-жылы 1,7%). Төрөлүү 1000 тур­гунга 25,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 8,2 адам туура келет. Сырткы миграциянын саль-

Пномпень шаары.

досу нөлгө жакын. 15 жашка чейинки балдар калктын 34%ин, эмгекке жарамдуу курактагы­лар (15–64 жаш) 62,4%ин, 65тен улуулар 3,6%ин түзөт. Орто эсеп м-н 1000 аялга 95,3 эркек туура келет. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 61,3 жыл (эркектердики 59,3, аялдардыкы 63,4 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 80дей адам туура келет. Ири шаарлары: Пном­пень (1398,4 миң), Баттанбанг (176, миң), Сиа­нуквиль (142,9 миң), Сиемреап (128,6 миң; 2008).
Мамлекеттик дини – буддизм; буддисттер өлкөнүн кал­кынын 95%ин, мусулмандар 2%ин түзөт.

Тарыхы. Млу-Прей, Лонгирао ж-а Самроунг- Севдеги археологиялык казмалардын табылгалары Камбожада палеолит (б. з. ч. 14-миң жылдык) доору­нан адам жашаганын далилдейт. Соңку неолитте (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) дарыя бойлорунда кыштактар пайда болгон. Калкы дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесипте­нишкен. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Б. з. 1-кылымында Камбожа аймагында алгачкы кул ээлөөчүлүк мамле­кет – Бапном (Фунань) түзүлгөн. Мамлекет Ме­конг дарыясынын төмөнкү агымында жайгашып, бор­бору Вьядхапур шаары болгон. 2–3-кылымдарда Бапном ий­гиликтүү согуштардын натыйжасында өлкө ай­мактарын кеңейткен. Индия, Кытай, Иран ж-а Рим империясы м-н соода жүргүзгөн. Бапном­дун калкы негизинен бутпарастык ишенимдер м-н жашашкан. 6-кылымда Бапном начарлай баш­тап, мурда ага көз каранды болгон Ченла мам­лекети күч алган. Анын борбору Меконг ж-а Мун дарыяларынын ортонку агымында жайгашкан. 6- кылымдын ортосунда Ченланын башкаруучусу Бха­ваварман I (болжол м-н 550–600) Бапном м-н Ченланы бириктирип, кхмерлер мамлекетин түзгөн. Ишановарман Iнин тушунда (болжол м-н 612–628) жаңы борбор – Ишанапур салын­ган. Негизинен дыйканчылык м-н кесиптениш­кен. Тынымсыз согуштар ж-а ич ара талаш-тар­тыштар анын кулашына алып келген. Ченла мамлекети 8-кылымдын башында өз алдынча эки мамлекетке (Жер Ченла ж-а Суу Ченла) бөлү­нүп, Индикитай жарым аралынын түштүк бөлүгүн ээлеген. 9-кылымда Суу Ченланын мурдагы аймагында Кам­бужадеша кхмер империясы (борбору Ангкор­до) пайда болгон. Бул империя Сурьяварман I, Сурьяварман II ж-а Жайаварман VII бийлеген мезгилде жогору өнүгүп, Түштүк Чыгыш Азияда­гы ири мамлекет болгон. Басып алуучулук жор­туулдары ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн аймагы кеңейип, Ангкор-Ват, Ангкор-Тхом, Байон сыяк­туу дүйнөлүк архитектуранын шедеври болгон ири ку­рулуштар салынган. 13-кылымдын ортосунда импе­рия начарлап, 1336-жылы Чае башында турган будда династиясынын бийликке келиши м-н Камбу­жадеша жоюлган. Будда монархы король наа­мына ээ болуп, кхмерлердин салттуу маданиятын өркүндөткөн. 14-кылымдын 2-жарымында – 15-кылымдын башында Камбожа аймагына тьямдар ж-а сиамдык­тар кол салып турушкан. 14-кылымда Аютия (Сиам) тай мамлекети негизделгенден кийин тыным­сыз коркунуч туудуруп, акыры Камбожанын борборун басып алган. Король Понья Ят (1405–67) гана тайларды кууп чыккан. 1434-жылы кхмерлер мам­лекетинин борбору Ангкордон Пномпенге көчү­рүлгөн. 16–18-кылымдарда Камбожа коңшу мамлекеттер – Сиам ж-а Дайвьет м-н согушуп турган, натыйжада Камбожанын экономикалык ж-а саясий абалы төмөндөгөн. Мам­лекеттин борбору Удонгго көчүрүлгөн. 17-кылымда Камбожага европалыктар келе баштаган. 1640-жылы ни­дерланддык фактория пайда болуп, үзгүлтүк м-н 1652-жылга чейин өкүм сүргөн. Кхмер феодал­дарынын өз ара чыр-чатактарынын натыйжа­сында, өлкө Сиам ж-а Дайвьеттерге көз каран­ды болуп калган. Борборун ж-а батыш район­дорун король Чей Четта IV, чыгышын Анг Нон башкарган. 1807-жылы Анг Тян IIнин башкаруу мезгилинде К. Сиам (Таиланд) м-н Вьетнамдын (1804-жылга чейин Дайвьеттин) кош сюзерени­тетине дуушар болгон. 1830-жылдары Вьетнам Камбожага күчтүү таасирин тийгизген. Камбожа провинция­ларга бөлүнүп, аларга вьетнамча аталыштар ко­юлган. Борбордук ж-а Чыгыш Камбожада вьетнам ас­керлери жайгашып, Сайгонго жол курулган. Ко­ролева Анг Мей башкарган учурда (1834–41) Камбожада вьетнам тили расмий тил болуп калган. Бирок 1845-жылы Сиамдын жардамы м-н Камбожада ас­кердик төңкөрүш болуп, король Анг Дуонг (1841–60) бийликке келген. Кхмер армиясы сиамдыктар м-н бирдикте Камбожанын борбордук район­дорунан вьетнамдарды сүрүп чыккан ж-а кай­радан Камбожага болгон кош сюзеренитет калыбына келтирилген. Анг Дуонг мамлекетти чыңдоо үчүн социалдык-экономикалык реформа жүргүзүп, тышкы сая­сатта Франция м-н мамиле түзүүгө аракеттен­ген. 1863-жылы жаңы король Нородом (1860–1904) протекторат жөнүндө Франция м-н келишим түзүп, Камбожага франциялык консул дайындалган. 1865-жылы борбор кайрадан Пномпенге көчүрүлгөн. 1867-жылы Камбожаны бөлүштүрүү жөнүндө Франция м-н Сиам расмий


түрдө келишим түзүп, Сиам француз протекто­ратын таанып, Баттамбанг м-н Ангкор провин­цияларына ээлик кылган. Өлкө Францияга көз каранды болуп калганына байланыштуу Камбожада көтөрүлүштөр (1864–65-, 1865–67-, 1876–77-, 1886–91-жылдар) чыккан. 1877-жылы Франция Нородомдун королдук бийлигин чектеген. 1884-жылдагы Франция-Камбожа келишими Камбожаны Франция­нын колониясына айландырган. 1887-жылы Аннам, Тонкин ж-а Кохинхин м-н бирге Камбожа Француз­дук Индикытайдын курамына кирген. 1887-жыл­дагы указ боюнча кхмер королу мамлекетти башкаруу иштерине катышуу укугунан ажырап, өлкөнү франциялык президент жетектеген Министрлер Кеңе­ши башкарган. Сайгон шаары экономикалык борборго ай­ланган. 1904–07-жылдарда Сиам Камбожанын батыш ж-а түндүк провинцияларын (Баттамбанг ж-а Ангкор) кайтарып берген. 1914–45-жылдарда француздар Камбожада транспорт м-н плантациялык чарбаларды өнүк­түргөн. 1920-жылы Камбожада улуттук-боштондук кыймыл баш­талган. Кыймылга аз сандагы жарандык ин­теллигенция, буддизм дин өкүлдөрү катышкан. 1930-жылы Индикитай Компартиясы түзүлүп, анын курамына камбожалыктар да кирген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Камбожанын батыш ж-а түндүк провинцияларын басып алуу макса­тында Таиланд бийлиги согуш аракеттерин баш­таган (1940-жыл, ноябрь айында). 1941-жылы «Виши» француз өкмөтү Индикытай аймагына аскер күч­төрүн киргизүүгө Японияга укук берген. 1941-жылы майдагы келишим боюнча Түндүк Камбожаны Таиланд өзүнө каратып алган. Францияга көз каранды болуу­ну каалабаган кхмер улутчулдары Япония та­рапка оогон. 1945-жылы япон аскерлери франциялык адми­нистрацияны таркатып, Камбожанын көз карандысыз­дыгы жарыяланган. Бирок экинчи дүйнөлүк согушта Япония жеңилгенден кийин Пном­пенге француздар кайра келип, Сон Нгок Тха­немдин япондук багыттагы өкмөтүн жоюшкан. 1946-жылы январда Франция өкмөтү ж-а Камбожа ке­лишим түзүшүп, Камбожа Француз Союзунун чегинде автономияга ээ болгон. Ошол эле жылы демократиялык ж-а либералдык саясий партиялар түзүлгөн. 1947-жылдагы Конституция боюнча Камбожа конституциялык монархия деп жарыялан­ган. 1940-жылдардын аягында Камбожада француз бийлигине каршы куралдуу улуттук-боштондук күрөш башталган. Куралдуу күрөш ж-а король Народом Сиануктун дипломатиялык аракеттери м-н 1953-жылы Камбожа формалдуу түрдө көз карансыздыгын алган. 1955-жылы мартта Нородом Сианук королдук ор­дун атасы – Нородом Сурамаритиге берип, өзү премьер-министрдин ордун ээлеген. Нородом Сианук өлкөдөгү саясий партияларды бирикти­рип, Элдик-социалисттик коом (Сангкум) деген саясий уюм уюштурган. Ал коом мамлекеттик деңгээлдеги уюмга айланып, өз ишин 1970-жылга чейин жүргүзгөн. Нородом Сурамарити Камбожанын көз ка­рандысыздыгын ж-а эркин өнүгүшүн камсыз кылуучу саясат жүргүзүп, тышкы саясатында бейтарап жолду тута турганын мыйзам жүзүндө ырастаган. 1955-жылдан Камбожа БУУнун мүчөсү. 1956-жылы Камбожа м-н СССРдин ортосунда дипломатиялык мами­ле түзүлгөн. 1960-жылы Народом Сурамарити өлгөн­дөн кийин Народом Сианук мамлекет башчысы болуп калган. Народом Сиануктун жүргүзгөн жеке бийлигинин убагында мамлекеттин эконо­микасы төмөндөп, элдин абалы оордоп, бийлик­ке болгон нааразылык күчөгөн. 1970-жылы Камбожада мамлекеттик төңкөрүш болуп, генерал Лон Нолдун аскердик режими орногон. Монархия жоюлуп, Кхмер Республикасы жарыяланган. 1970-жылы апрелде АКШ Түштүк Камбожага куралдуу интервенция жасаган. 1970-жылы май айында Нородом Сиануктун кол­доочулары тарабынан Пекинде Камбожа улут­тук биримдик фронту (КУБФ), ошондой эле Улуттук биримдиктин өкмөтү түзүлүп, анын жетекчили­ги америкалык агрессорлорго ж-а Лон Нолдун режими­не каршы күрөш жүргүзгөн. Камбожада башталган жарандык согуш Камбожа улуттук биримдик фронттун жеңиши м-н аяктаган. 1975-жылы Камбожада бийликке «кызыл кхмерлер» келип, мамлекет Демократиялык Кампучия деп аталган. Пол Пот Камбожанын премьер-министри, Кхиеу Сам фан Мамлекеттик прези­диумдун президенти болуп дайындалган. Камбожада баары мамлекеттештирилип, саясат репрессия аркылуу жүргүзүлгөн. Натыйжада 1,5 млн кам­божалык репрессиянын курманы болгон. Тыш­кы саясатта башка мамлекеттер м-н алакага тыюу салынып, айрым гана мамлекеттер (КЭР, КЭДР) м-н дипломатиялык мамилелер сакталган. 1970- жылдардын 2-жарымынан ачык эле Вьетнамга каршы саясат жүргүзүлүп, чек арадан чыр-ча­тактар м-н коштолгон. 1978-ж. Вьетнамдын колдоосу м-н «кызыл кхмерлерге» каршы бир­диктүү Кампучия улутту куткаруу фронту тү­зүлүп, 1979-жылы январда вьетнам аскер күчтө­рүнүн колдоосу м-н Пол Поттун режими кула­тылып, Кампучия Эл Республикасы жарыяланган. Бий­лик Хенг Самрин жетектеген Кампучия эл­дик революциялык кеңешине өткөн. 1981-жылы жаңы Конституция күчүнө кирген. Кампучия ком­мунисттик партиясы (ККП) Кампучия элдик республикалык партия (КЭРП) болуп өзгөрүлгөн. Өлкөнүн калкы тынч жашоого өтүп, экономикалык ж-а гумани­тардык чөйрөлөр калыптана баштаган. Мамле­кет социалисттик өлкөлөр м-н тыгыз кызматташып, экономикалык колдоолорго ээ болгон. 1989-жылы Кампучия Эл Республикасы Камбожа мамлекети деп аталган. 1991-жылы КЭРП партиясы Камбожа Элдик партиясы (КЭП) деп аталып, партиянын уставына өзгөртүүлөр кир­гизилген. Буддизм мамлекеттик дин катары жарыя­ланган. 1989–93-жылдарда БУУ өлкөдөгү ич ара согуштук ка­гылышууларды токтотууга аракеттерди жасап, 1993-жылы Камбожада шайлоо өткөрүлгөн. Ошол эле жылы жаңы Конституция жазылып, Нородом Сианук башкарган Камбожа Королдугу түзүлгөн.
Өлкөдө конституциялык монархия ж-а көп партиялуу система орногон. 1993–97-жылдарда өткөрүл­гөн шайлоолордун негизинде укуктары бир­дей болгон эки премьер-министр (Нородом Ра­нарит, Хун Сен) жетектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 1998- ж-а 2003-жылдардагы шайлоолордо Камбожа элдик партиясы жеңиш­ке жетип, парламенттеги көпчүлүк орунду ээле­ген. 1999-жылы Камбожа АСЕАНдын курамына кирген. 2004-жылы Нородом Сианук тактыны уулу Норо­дом Сиамониге тапшырган. Учурда өлкөдө экономикалык реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жогорку темпте өнүгүүдө. Камбожанын негизги стратегиялык өнөгү – Кытай. Камбожанын негизги экономикалык донору – Япония. Вьетнам м-н тыгыз ж-а ишенимдүү ала­калашып, коргоо ж-а коопсуздук маселелерин талкуулап турат. Франция Камбожада туруктуу салт­туу өңүттү ээлейт. ЕС Камбожага жакырчылык м-н кү­рөшүүгө, билим берүүнүн, саламаттык сактоо­нун өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт. Эл аралык терроризм м-н күрөшүү ж. б. тармактарда АКШ, Россия ж. б. мамлекеттер м-н тыгыз байла­нышта.

Чарбасы. Камбожа дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн ка­тарына кирет. ИДПнин көлөмү 38,9 млрд дол­лар (2006), аны киши башына бөлүштүргөндө 2800 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,598 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичи­нен 131-орун). Камбожанын экономикасы 1990-жыл­дан баштап туруктуу өнүгө баштады. Өнүгүүсүнүн негизги факторлору: арзан жумушчу күчүнүн көптүгү, ошондой эле сырткы экономикалык жардамдын арбын­дыгы (мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгын жабат). Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 836,2 млн доллар, чыгашасы 978,7 млн доллар. Мамлекеттик экономикалык сая­сат чарбанын жеке менчик секторунун өнү­гүүсүнө ж-а өлкөгө чет элдик инвестициянын келишине ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Инвестиция негизинен кийим тигүү өнөр жайын, мей­манкана ж-а ресторан бизнесин, байланыш сис­темасын өнүктүрүүгө түздөн-түз жумшалат. Ин­вестиция Малайзия, Тайвань, АКШ, Кытай, Түштүк Корея, Сянган, Сингапур, Таиланд ж. б-дан түшүп, анын басымдуу бөлүгү Пномпень борбордук муниципиясында топтолот. Өлкөнүн экономикалык өнү­гүүсүндөгү башкы проблемалар – калктын ба­сымдуу бөлүгүнүн (өзгөчө борбордон алыс жай­гашкан айыл калкынын) жакырлыгы, шаар­ларда криминалдык кырдаалдын татаалдыгы, баңгизат (Камбожа аркылуу «Алтын үч бурчтук» деп аталган өлкөлөрдөн Сиам булуңунун порттору­на наркотрафик өтөт) ж-а товар контрабанда­сы (өлкөдөн күрүч мыйзамсыз чыгарылып, Вьет­нам ж-а Таиланддан керектөө товарлары мый­замсыз алып келинет). БУУнун көмөгү м-н мина коркунучу (Камбожада жердеги минанын ж-а жарыл­бай калган снаряддын саны 4–6 млн бирдикке жетет) ж-а жашыруун миграция проблемасы акырындап жоюлууда.
Тейлөө чөйрөсүнүн ИДПдеги үлүшү 38,6%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 35,1%, өнөр жайыныкы 26,2% (2006). Электр-энергетикасы­нын негизин импорттук отун м-н иштеген ди­зель электр станциялары түзөт (жалпы кубат­туулугу 13 миң МВт). 2004-жылы 121,8 млн кВт. с электр энергиясы өндүрүлгөн; импорттук электр­энергия (Вьетнамдан алат) 2002–06-жылдарда 85 млн кВт.сты түзгөн. Электр энергиясынын тартыш­тыгына ж-а энергия булактарына болгон дүйнө­лүк баанын өсүшүнө байланыштуу келечекте гид­роэнергетиканы өнүктүрүү каралууда. Өлкөнүн энергетикасынын ж-а жалпы эле экономикасы­нын өнүгүү келечеги Сиам булуңунун деңиздик шельфиндеги нефть ж-а газ кендерине байла­ныштырылат. Өнөр жай продукциясынын 90%тейи кийим тигүү өнөр жайына таандык (2006). 247 кийим тигүү фабрикасы иштейт (негизинен Пномпень шаарында ж-а тегерегинде). Продукциясынын дээр­лик бардыгы АКШга ж-а Европа союзуна кир­ген өлкөлөргө экспорттолот. Өлкөнүн экспор­тунун наркынын 60%тейи (2 млрд доллардан ашыгы; 2005) тигилүү кийимге туура келет. Ошондой эле тамак-аш (анын ичинде күрүч актоо), тамеки (сигаре­та) чыгаруучу, каучукту, жыгачты ж. б. сырьёну алгачкы иштетүүчү өнөр жай ишканалары, це­мент заводу иштейт.
Өлкөнүн аймагынын 21,4% аянты иштети­лип, анын 20,4%и айдалат, 0,6%и көп жыл­дык өсүмдүктөр плантациясы. Сугат жери 2,7 миң км2. Агрардык закон жер ээлиги боюнча төмөнкү формаларды караган: огород жерлерди жеке мен­чикке берүү; өлчөмү 5 гага чейинки айыл чарба жерле­рин мураска калтыруу укугу; аянты чоң жер участкаларын ижарага берүү ж-а сатуу укугусуз мурастоо концессиясы. Айдоо аянтынын 1/2 инен ашыгына өлкөнүн негизги азык-түлүгү болгон – шалы (күрүч) эгилет. Шалы негизинен Меконг дарыясынын өрөөнүндө ж-а Баттамбанг провинция­сында өстүрүлөт; анын ондогон сорту бар, Ме­конг өрөөнүнүн айрым жерлеринде «калкыма», бийик жаткан түздүктөрдө кайрак шалы эги­лет. Табияты жылына эки жолу түшүм алууга шарт түзөт. 2005-жылы 4,2 млн т күрүч жыйнал-

Шалы тигүү.
Сиануквиль шаарына жакын жайгашкан балыкчы­лар айылы.

ган; башка азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн батат, жүгөрү, соя буурчактары, ошондой эле жашылча, ба­нан, апельсин, жер жаңгак, калемпир өстүрүлөт.
Маанилүү экспорттук агрардык продукту – накта каучук, каучуктуу өсүмдүк плантациясынын жалпы аянты 150 миң га. Башка техникалык өсүмдүк­төрдөн тамеки, бал камыш, күнжүт, кант, май ж-а кокос пальмалары өстүрүлөт. Жайыт мал чарбачылыгынын өнүгүүсү үчүн да ыңгайлуу шар­ты бар. Бирок сүт ж-а эт багытындагы мал чар­басы начар өнүккөн; малы негизинен күч унаа катары пайдаланылат. 2005-жылы 127,5 миң т чоч­ко эти, 61,1 миң т мал эти, 16,5 миң т куш эти 13,6 миң т буйвол эти даярдалган. Балык (ай­рыкча Тонлесап көлүнөн) кармалат.
Экономикасынын эң ылдам өнүгүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү; ал негизинен чет элдик туристтердин келишине байланыштуу (2006-жылы 2 млндон ашык турист келген). Туризм­дин 50%тен ашыгы өлкөнүн түндүгүндөгү Анг­кор архитектуралык комплексин көргөнү келет. Мей­манкана ж-а ресторан, ички (дүң ж-а чекене) соода бизнеси, байланыш ж-а телекоммуника­ция системасы өнүккөн.
Автомобиль жолунун жалпы узундугу 38,3 миң км, темир жолунуку 602 км (2006); эки темир жол линиясы бар: Пномпень – Баттамбаг – Пайопет (Таиланд м-н

Камбожа акчасы.

чек арада); Пномпень – Сиануквиль (Сиам бу­луңунун жээгинде). Ички суу жолунун (Меконг дарыясы ж-а анын куймалары) узундугу 2,4 миң км (2005).
Негизги дарыя порту – Пномпень, деңиз пор­ту – Сиануквиль. Камбожанын «арзан» желеги м-н 586 соода кемеси жүрөт. 17 аэропорту бар, эл аралык 2 аэропорту – Пномпень м-н Сиемреап­те. Вьетнам, Кытай, Лаос, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Түштүк Корея, Тайвань м-н авиакатта­мы бар (2006).
Экспортунда тигилүү буюмдар басымдуу; ошондой эле накта каучук, күрүч, деңиз азыктарын чыга­рат. Камбожанын товарлары АКШ (53,3%и), Сянган (15,2), Германия (6,6%), Улуу Британияга (4,3%) чыгарылат. Сырттан нефть продукту­ларын, конструкциялык материалдарды, маши­на ж-а жабдууларды, анын ичинде автомобиль, кеңири керектелүүчү товарларды сатып алат. Азык то­варларды негизинен Сянган (18,1%), Кытай (17,5%), Таиланд (13,8%), Тайвань (12,7%), Вьетнам (9,0%), Сингапур (5,3%), Түштүк Корея (4,9%), Япониядан (4,3%) алат.

Маданияты. Камбожада окуу жайларын башкаруу билим, жаштар жана спорт министрлиги тара­бынан ишке ашырылат. 1993-жылы милдеттүү жана акысыз 9 жылдык билим берүү киргизилген. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана 6 жылдык башталгыч, баштапкы орто (3 жылдык курс), жогорку билимге даярдоо мак­сатында кошумча орто (мамлекеттик жана менчик кол­леж) билим берүүнү камтыйт. 2005-жылы балдар­дын 10%и мектепке чейинки мекемелерде тар­бияланган, 96%и башталгыч, 24%и орто билим алган. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жого­ру 73,6% (ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2005). 12 мамлекеттик жана 30 менчик жогорку окуу жайы (жарандык жана диний) бар. Ири жогорку окуу жайлары: Будда университети (1954), Пномпень королдук университети (1960), жогорку техникалык институту (1981) жана башкалар. Илимий мекемелери: Буддизм институ­ту (музей жана Камбожадагы ири китепкана – 40 миң­ден ашык том жана пальма жалбырагына жа­зылган 16 миңден ашык кол жазма), ресурстар­ды өнүктүрүү институту (1990), адам укуктары ин­ституту (1993), социалдык өнүгүү борбору (1995), улуттук саламаттык сактоо институту, улуттук китепкана (1924), улуттук музейи (1920), гено­цид музейи (1979) бар. Бардык мекемелер Пном­пенде жайгашкан.
Камбожада 100дөн ашык гезит жана журналдар кхмер [«Расмей Кампучия» (1993); «Монеасека кхмер» (1993); «Чакраваль Дейли» (1993) жана башкалар], ошондой эле англис, француз жана кытай тилдеринде чы­гат (2007). 1975-жылдан радио уктуруусу, 1966-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Камбожанын улуттук маа­лыматтык агенттиги – «Agence Kampuchea Presse».

XVI кылымга чейин Камбожанын адабияты санскрит жана пали, кийинчерээк кхмер тилдеринде өнүккөн. XIV–XV кылымдардагы адабияттын жалгыз эстелиги – пали тилин­деги «Элүү жатак» жыйнагы. Кхмер тилиндеги алгачкы чыгармалар XVI кылымда пайда болгон (Чей Нондун ырлары; Панг, «Ангкор жөнүндө поэма», 1598). XVII–XIX кылымдарда жатак темасында ыр түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы адабият кечил Саом­дун «Тум менен Тиев» поэмасы (1916) менен башта­лат. Ньок Тхаемдин «Пайлин атыр гүлү» рома­ны чыккандан кийин социалдык теңсиздик, аялдар, жаштар темасындагы роман адабиятта не­гизги орунду ээлеген. XX кылымдын аягы –XXI кылымдын башында ар кыл жанрдагы романдар жазылды (Паль Воаннари Реак, Мау Сомнанг). 1955-жылы Камбожа жазуучулар ассоциациясы түзүлгөн.
Камбожа аймагында Ханчей, Асрам-Махаросей (VI–VIII кылымдар), Баконг (881), Прэах-Ко (879) жана башка белги­лүү храмдар жана храм комплекстери сакталып калган. IX–XIV кылымдарда Камбужадеша империясынын өкүмдарлары курдурган 10 шаарды камтыган зор Ангкор комплексинде 1000ден ашык мону­менттик курулуштар сакталган: храм-тоо Пном- Бакхенг (893); Пхимеанакас храмы (X кылым); Анг­кор-Ват храм комплекси (XII кылым) жана башкалар. Камбожа Фран­ция колониясына айланганда европалык үлгүдөгү имараттар салына баштаган. 1960-жылдары Камбожада көз карандысыздык (1960–1962) эстелиги, Чакдомукх залы (1962), улуттук спорт комп­лекси (1964), Чамкармон сарайы (1966) жана башка архитекту­ралык курулуштар пайда болгон.
Кхмерлердин музыкалык маданияты эң байыркы доорго таандык. Ангкор жана Байон храмдарынын ба­рельефтери музыка-театрдык маданиятынын өнүккө­нүн, музыкалык аспаптардын [барабан (сампхо), чаб,чинг, гонг, булгаары жана мүйүз трубалар (санг), дого, арфалар (пын) жана башкалар] көптүгүн тастыктайт. XIX кылымдын 2-жарымынан кытайлык, малайзия­лык, европалык жана башка музыкалык салттардын Камбожанын мад­аниятына таасири тийген.

Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- Восточная Азия. М., 1979; Марунова И. Б. Древний театр кхмеров. М., 1980; История Кампучии. Краткий

Ангкор-Ваттагы Тхомманон храмы. XII кылымдын 1-жа­рымы.
Ханзада бийи. Кам­божа король балети.

очерк. М., 1981; Пфеффер П. Азия. М., 1982; Алек­сеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Альбанезе М. Ангкор. Величие кхмер­ской цивилизации. М., 2003; Бектимирова Н. Н., Доль­никова В. А. Камбоджа и Таиланд: тенденции полити­ческого развития. М., 2007; Камбоджа //Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.