ЗЕЛЬДОВИЧ Яков Борисович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕЛЬДО́ВИЧ</b> | <b type='title'>ЗЕЛЬДО́ВИЧ</b> Яков Борисович [23. 2(8. 3). 1914-жылы туулган, Минск – 2. 12. 1987, Москва] – орус физик-тео­ретиги; күйүү, детонация ж-а согуу толкундары­нын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири ж-а илимий мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корреспондент-мүчөсү, 1946), үч жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры. СССР ИАнын химиялык физика ин­ститутунда (1931), колдонмо математика институтунда (1964) иштеген. ММУда профессор (1966-жылдан). Физи­ка, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчө­лөр теориясы, ядролук физиканын тармакта­ры боюнча маанилүү изилдөө­лөрдү жүргүзгөн. 1939–41-жылдарда орус физиги Ю. Б. Харитон м-н бирге биринчи болуп урандын уланма реакция­сын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Советтик ядролук ку­ралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйлыктын (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгынын бир нече жолку (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты. | ||
[[File:ЗЕЛЬДОВИЧ23.png | thumb | none]] | [[File:ЗЕЛЬДОВИЧ23.png | thumb | none]] | ||
04:50, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
ЗЕЛЬДО́ВИЧ Яков Борисович [23. 2(8. 3). 1914-жылы туулган, Минск – 2. 12. 1987, Москва] – орус физик-теоретиги; күйүү, детонация ж-а согуу толкундарынын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири ж-а илимий мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корреспондент-мүчөсү, 1946), үч жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры. СССР ИАнын химиялык физика институтунда (1931), колдонмо математика институтунда (1964) иштеген. ММУда профессор (1966-жылдан). Физика, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчөлөр теориясы, ядролук физиканын тармактары боюнча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1939–41-жылдарда орус физиги Ю. Б. Харитон м-н бирге биринчи болуп урандын уланма реакциясын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Советтик ядролук куралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйлыктын (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгынын бир нече жолку (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты.

Беш Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Знакомый, незнакомый Зельдович в воспоминаниях друзей, коллег, учеников. М., 1993.