ЗЕЕМАН ЭФФЕКТИСИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕ́ЕМАН ЭФФЕКТИСИ</b> – магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин ж-а <i>спектр</i> сызыгынын ажыроо кубулушу. Голландиялык физик П. Зееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурла­нышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери ж-а спектр сызыкта­ры жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. Зееман эффектиси н о р м а л д у у (жөнөкөй) ж-а а н о ­м а л д у у (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу Зееман эффектисинде спектр сызыгы магнит талаасына пер­пендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаа­нын багыты боюнча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп ж-а сызыктар башкача жылышат. Зееман эффектиси квант системасынын (мисалы, атомдун) механикалык момен­ти м-н | <b type='title'>ЗЕ́ЕМАН ЭФФЕКТИСИ</b> – магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин ж-а <i>спектр</i> сызыгынын ажыроо кубулушу. Голландиялык физик П. Зееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурла­нышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери ж-а спектр сызыкта­ры жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. Зееман эффектиси н о р м а л д у у (жөнөкөй) ж-а а н о ­м а л д у у (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу Зееман эффектисинде спектр сызыгы магнит талаасына пер­пендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаа­нын багыты боюнча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп ж-а сызыктар башкача жылышат. Зееман эффектиси квант системасынын (мисалы, атомдун) механикалык момен­ти м-н байланыштуу ж-а мейкиндикте бел­гилүү бир тарапка гана багытталуучу магнит моментинин болушу м-н шартталат. Зееман эффектисин изилдөө атомдун ж-а атом системасынын жука структурасын аныктоодо чоң роль ойнойт. Маг­нит талаасын өлчөөдө квант магнетометри кол­донулат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
04:44, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕ́ЕМАН ЭФФЕКТИСИ – магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин ж-а спектр сызыгынын ажыроо кубулушу. Голландиялык физик П. Зееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурланышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери ж-а спектр сызыктары жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. Зееман эффектиси н о р м а л д у у (жөнөкөй) ж-а а н о м а л д у у (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу Зееман эффектисинде спектр сызыгы магнит талаасына перпендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаанын багыты боюнча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп ж-а сызыктар башкача жылышат. Зееман эффектиси квант системасынын (мисалы, атомдун) механикалык моменти м-н байланыштуу ж-а мейкиндикте белгилүү бир тарапка гана багытталуучу магнит моментинин болушу м-н шартталат. Зееман эффектисин изилдөө атомдун ж-а атом системасынын жука структурасын аныктоодо чоң роль ойнойт. Магнит талаасын өлчөөдө квант магнетометри колдонулат.