ЗЕЕМАН ЭФФЕКТИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕ́ЕМАН ЭФФЕКТИСИ – магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин ж-а спектр сызыгынын ажыроо кубулушу. Голландиялык физик П. Зееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурла­нышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери ж-а спектр сызыкта­ры жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. Зееман эффектиси н о р м а л д у у (жөнөкөй) ж-а а н о ­м а л д у у (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу Зееман эффектисинде спектр сызыгы магнит талаасына пер­пендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаа­нын багыты боюнча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп ж-а сызыктар башкача жылышат. Зееман эффектиси квант системасынын (мисалы, атомдун) механикалык момен­ти м-н байланыштуу ж-а мейкиндикте бел­гилүү бир тарапка гана багытталуучу магнит моментинин болушу м-н шартталат. Зееман эффектисин изилдөө атомдун ж-а атом системасынын жука структурасын аныктоодо чоң роль ойнойт. Маг­нит талаасын өлчөөдө квант магнетометри кол­донулат.