КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ</b> | <b type='title'>КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ</b> | ||
Ы. Туманов | Ы. Туманов атында, 1976-жылы ачылган. Окуу жайы­нан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. <i>Тумановдун</i> ысмы бе­рилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыр­гыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшена­лиева атындагы Кыргыз музыкалык искусство институтунан окуусун улантат. Окуу жа­йы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисттери Т. Жакшы­лыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эр­дик, Т. Керимбеков жана башкалар бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклор­дук жана башка ансамблдер уюшулган. | ||
үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:41, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ы. Туманов атында, 1976-жылы ачылган. Окуу жайынан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. Тумановдун ысмы берилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыргыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз музыкалык искусство институтунан окуусун улантат. Окуу жайы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисттери Т. Жакшылыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эрдик, Т. Керимбеков жана башкалар бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклордук жана башка ансамблдер уюшулган.