КАРАГАНДЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАГАНДЫ</b> – Казакстандагы шаар (1934-жыл­дан). Караганды | <b type='title'>КАРАГАНДЫ</b> – Казакстандагы шаар (1934-жыл­дан). Караганды облусунун административдик борбору. <i>Казак Сары-Аркасынын</i> борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 429,2 миң (2008); калкынын саны жана чоңдугу боюнча 4-шаар (Алматы, Астана, Чым­кенттен кийин). Жол тоому. темир жол бекети. эл аралык аэропорту бар. Шаар XIX кылымда Караганды көмүр бассейнинин ачылышына байланыштуу анын борборунда шахтёрлор отурукташкан жер катары негизделген. 1931-жылы шаарча статусун алган. 1934-жылдан шаар, 1936-жылдан облус борбору. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдеги көмүр казып алуунун ири борборуна айланган. 1930–1950-жылдарда түзөтүү-эмгек ла­гери болгон. Өнөр жайынын башкы тармагы – көмүр казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). Карагандыда «Караганда көмүр» бирикмесинин штаб-­квартирасы жайгашкан. Тоо-шахта жабдуулар өндүрүшү, машина куруу, электр-техника, жеңил жана тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары, музыкалык аспаптар өндүрүшү жана гидро-электр-станциясы иштейт. Казакстан Илимдер академиясынын бөлүмү (бир нече илим изилдөө институттарын камтыйт), 15 жогорку окуу жайы (анын ичинде мамлекеттик университеттер), китепканалар, край таануу музейи, 3 театр (анын ичинде казак, орус дра­ма), филармония, цирк бар. Ботаникалык бак ую­шулган. | ||
чоңдугу | |||
айланган. | |||
казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). | |||
өндүрүшү, машина куруу, электр- | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:04, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРАГАНДЫ – Казакстандагы шаар (1934-жылдан). Караганды облусунун административдик борбору. Казак Сары-Аркасынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 429,2 миң (2008); калкынын саны жана чоңдугу боюнча 4-шаар (Алматы, Астана, Чымкенттен кийин). Жол тоому. темир жол бекети. эл аралык аэропорту бар. Шаар XIX кылымда Караганды көмүр бассейнинин ачылышына байланыштуу анын борборунда шахтёрлор отурукташкан жер катары негизделген. 1931-жылы шаарча статусун алган. 1934-жылдан шаар, 1936-жылдан облус борбору. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдеги көмүр казып алуунун ири борборуна айланган. 1930–1950-жылдарда түзөтүү-эмгек лагери болгон. Өнөр жайынын башкы тармагы – көмүр казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). Карагандыда «Караганда көмүр» бирикмесинин штаб-квартирасы жайгашкан. Тоо-шахта жабдуулар өндүрүшү, машина куруу, электр-техника, жеңил жана тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары, музыкалык аспаптар өндүрүшү жана гидро-электр-станциясы иштейт. Казакстан Илимдер академиясынын бөлүмү (бир нече илим изилдөө институттарын камтыйт), 15 жогорку окуу жайы (анын ичинде мамлекеттик университеттер), китепканалар, край таануу музейи, 3 театр (анын ичинде казак, орус драма), филармония, цирк бар. Ботаникалык бак уюшулган.