КАРАГАНДЫ
КАРАГАНДЫ – Казакстандагы шаар (1934-жылдан). Караганды облусунун административдик борбору. Казак Сары-Аркасынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 515,6 миң (2023); калкынын саны жана чоңдугу боюнча 4-шаар (Алматы, Астана, Чымкенттен кийин). Жол тоому, темир жол бекети, эл аралык аэропорту бар. Шаар XIX кылымда Караганды көмүр бассейнинин ачылышына байланыштуу анын борборунда шахтёрлор отурукташкан жер катары негизделген. 1931-жылы шаарча статусун алган. 1934-жылдан шаар, 1936-жылдан облус борбору. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдеги көмүр казып алуунун ири борборуна айланган. 1930–1950-жылдарда түзөтүү-эмгек лагери болгон. Өнөр жайынын башкы тармагы – көмүр казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). Карагандыда «Караганда көмүр» бирикмесинин штаб-квартирасы жайгашкан. Тоо-шахта жабдуулар өндүрүшү, машина куруу, электр-техника, жеңил жана тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары, музыкалык аспаптар өндүрүшү жана гидро-электр-станциясы иштейт. Казакстан илимдер академиясынын бөлүмү (бир нече илим изилдөө институттарын камтыйт), 15 жогорку окуу жайы (анын ичинде мамлекеттик университеттер), китепканалар, край таануу музейи, 3 театр (анын ичинде казак, орус драма), филармония, цирк бар. Ботаникалык бак уюшулган.

