КАЛИНИНГРАД: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File: КАЛИНИНГРАД3.png | thumb | Преголя дарыясынын жээги.]] | [[File: КАЛИНИНГРАД3.png | thumb | Преголя дарыясынын жээги.]] | ||
Преголя | Преголя дарыясынын Калининград бу­луңуна куя бериште жайгашкан. Балтика де­ңизи менен терең суу каналы аркылуу байланы­шат. Калкы 422,3 миң (2007). Эл аралык аэро­порту бар. Калининградда деңиз причалдары, деңиз порт­тору (тоңбогон) жайгашкан. Тогуз жол тоому. Ири деңиз балык флотунун жана балык өнөр жайынын бор­бору. 1255-жылы негизделген. 1525–1618-жылдары Прус­сия герцогдорунун резиденциясы. 1701-жылдан Пруссия королдугунун, 1871-жылдан Германия­нын курамында. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы Потсдам конференциясынын чечими менен Калининград жана ага чектеш жаткан аймактар СССРге өткөн. 1946-жылдын 7-апрелинен РСФСРдин курамындагы Кёнигсберг (1946-жылы 7-июлдан Калининград) облусунун административдик борбору. Машина ку­руу [телевизор, турмуш-тиричилик техникала­ры, өнөр жай жабдуулары, «Балткран» (порт крандарын жана жабдууларды чыгарат) өндүрүшү жана башкалар], вагон куруу жана «Калининградгазавто­матика» (нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу) заводдору, «Золотое сечение» (жыгаччылык өнөр жай үчүн), «Электр ширетүүчү», «Факел» (спутник систе­малары үчүн жабдуу), «Янтарь» (кеме ремонт­тоо) ишканалары, курулуш материалдар, тамак-­аш (балык беленделет, сүт азыктары, кондитер, ичимдик жана башкалар), тамеки өнөр жайы, 2 жылуулук электр станциясы иштейт. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай эне жана Ыйык Адальберт мунарасы (XIII–XIV кылымдар; XVI кылым) жана готи­ка стилиндеги кафедралуу соборлор (XIV–XVI кылымдар), Бранденбург, Король дарбазалары (королдордун статуялары менен), Дер Дон мунарасы (XIX кылым, учур­да жакут музейи), форттор, бастиондор жана башкалар сакталган. Калининград. шаарынын аймагынын <big>⅓</big> ин парктар, бактар жана гүлбакчалар ээлейт. Ошондой эле 130га жа­кын көл жанаа көлмөлөр кездешет. Илим-изилдөө институттары (анын ичинде балык жана океанография), 21 жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет, филиалдар, өкүлчүлүктөр), Балтика балык про­мысели флотунун мамлекеттик академиясы (1966; мур­дагы жогорку деңиз окуу жайы), 2 театр, тары­хый-сүрөт музейи, сүрөт галереясы, филармония, философ И. Канттын бейити бар. Зоопарк уюш­турулган. Жыл сайын эл аралык (орган музыка­сы, искусство жана башкалар) фестивалдар өткөрүлүп турат. Шаар М. И. Калининдин ысмынан аталган. | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
06:23, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛИНИНГРА́Д (1946-жылга чейин К ё н и г с б е р г) – Россиядагы шаар. Калининград облусунун административдик борбору.

Преголя дарыясынын Калининград булуңуна куя бериште жайгашкан. Балтика деңизи менен терең суу каналы аркылуу байланышат. Калкы 422,3 миң (2007). Эл аралык аэропорту бар. Калининградда деңиз причалдары, деңиз порттору (тоңбогон) жайгашкан. Тогуз жол тоому. Ири деңиз балык флотунун жана балык өнөр жайынын борбору. 1255-жылы негизделген. 1525–1618-жылдары Пруссия герцогдорунун резиденциясы. 1701-жылдан Пруссия королдугунун, 1871-жылдан Германиянын курамында. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы Потсдам конференциясынын чечими менен Калининград жана ага чектеш жаткан аймактар СССРге өткөн. 1946-жылдын 7-апрелинен РСФСРдин курамындагы Кёнигсберг (1946-жылы 7-июлдан Калининград) облусунун административдик борбору. Машина куруу [телевизор, турмуш-тиричилик техникалары, өнөр жай жабдуулары, «Балткран» (порт крандарын жана жабдууларды чыгарат) өндүрүшү жана башкалар], вагон куруу жана «Калининградгазавтоматика» (нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу) заводдору, «Золотое сечение» (жыгаччылык өнөр жай үчүн), «Электр ширетүүчү», «Факел» (спутник системалары үчүн жабдуу), «Янтарь» (кеме ремонттоо) ишканалары, курулуш материалдар, тамак-аш (балык беленделет, сүт азыктары, кондитер, ичимдик жана башкалар), тамеки өнөр жайы, 2 жылуулук электр станциясы иштейт. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай эне жана Ыйык Адальберт мунарасы (XIII–XIV кылымдар; XVI кылым) жана готика стилиндеги кафедралуу соборлор (XIV–XVI кылымдар), Бранденбург, Король дарбазалары (королдордун статуялары менен), Дер Дон мунарасы (XIX кылым, учурда жакут музейи), форттор, бастиондор жана башкалар сакталган. Калининград. шаарынын аймагынын ⅓ ин парктар, бактар жана гүлбакчалар ээлейт. Ошондой эле 130га жакын көл жанаа көлмөлөр кездешет. Илим-изилдөө институттары (анын ичинде балык жана океанография), 21 жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет, филиалдар, өкүлчүлүктөр), Балтика балык промысели флотунун мамлекеттик академиясы (1966; мурдагы жогорку деңиз окуу жайы), 2 театр, тарыхый-сүрөт музейи, сүрөт галереясы, филармония, философ И. Канттын бейити бар. Зоопарк уюштурулган. Жыл сайын эл аралык (орган музыкасы, искусство жана башкалар) фестивалдар өткөрүлүп турат. Шаар М. И. Калининдин ысмынан аталган.