КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ</b> – курамында казып алууга арзырлык калай металлы бар минерал­дардын табигый чогундусу. Жаратылышта ка­лай минералынын 18 түрү кездешет. Бирок алардын ичинен касситерит м-н станнин гана | <b type='title'>КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ</b> – курамында казып алууга арзырлык калай металлы бар минерал­дардын табигый чогундусу. Жаратылышта ка­лай минералынын 18 түрү кездешет. Бирок алардын ичинен касситерит м-н станнин гана өнөр жайлык мааниге ээ. Кенташта булардын кон­центрациясы көп санда топтолот. Калай крис­таллдуу ж-а кристаллсыз кенташ түрдө жолу­гат. Кени нукура ж-а чачыранды түрлөрдөн ту­рат. Нукура кендер пайда болуу шартына жара­ша пегматиттүү, скарндуу, альбититтүү, гидро­термдүү, грейзендешкен түрлөргө бөлүнөт. Өнөр жай кендери бир нече классты түзөт. Мында С. С. Смир­нов (1937), кийинчерээк О. Р. Левицкий ж-а Е. А. Радкевич түзгөн классификация зор маа­ниге ээ. Азыркы кезде В. И. Смирнов (1955) ж-а М. П. Материков (1974) тактап чыккан клас­сификация кеңири колдонулууда. Мында ми­нералдык-геохимиялык '''''курамы''''' боюнча К. к. силикат-кварц­туу, силикат-карбонаттуу, силикат-сульфиддүү түрлөргө бөлүнөт. О. эле башка касиеттерине жа­раша бир нече ген. типтерге ж-а кенташ форма­цияларына ажырайт (к. таблицаны).<br> | ||
К. к-ндагы эң негизги минерал болуп эсептел­ген касситерит минералы физ.-хим. жактан ту­руктуу касиетке ээ. Ошол себептен геол. сырт­кы процесстердин таасиринен элювий, делювий, | К. к-ндагы эң негизги минерал болуп эсептел­ген касситерит минералы физ.-хим. жактан ту­руктуу касиетке ээ. Ошол себептен геол. сырт­кы процесстердин таасиринен элювий, делювий, | ||
| 14 сап: | 13 сап: | ||
Ад.: Требования промышленности к качеству мине­рального сырья. Олово. М., 1961; <i>Материков М. Н.</i> Закономерности размещение и геолого-генетические группы оловянных месторождений СССР. М., 1974; Рудные месторождения СССР / под ред. акад. В. Смир­нова, Т. 3. М., 1974. | Ад.: Требования промышленности к качеству мине­рального сырья. Олово. М., 1961; <i>Материков М. Н.</i> Закономерности размещение и геолого-генетические группы оловянных месторождений СССР. М., 1974; Рудные месторождения СССР / под ред. акад. В. Смир­нова, Т. 3. М., 1974. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:56, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып алууга арзырлык калай металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Жаратылышта калай минералынын 18 түрү кездешет. Бирок алардын ичинен касситерит м-н станнин гана өнөр жайлык мааниге ээ. Кенташта булардын концентрациясы көп санда топтолот. Калай кристаллдуу ж-а кристаллсыз кенташ түрдө жолугат. Кени нукура ж-а чачыранды түрлөрдөн турат. Нукура кендер пайда болуу шартына жараша пегматиттүү, скарндуу, альбититтүү, гидротермдүү, грейзендешкен түрлөргө бөлүнөт. Өнөр жай кендери бир нече классты түзөт. Мында С. С. Смирнов (1937), кийинчерээк О. Р. Левицкий ж-а Е. А. Радкевич түзгөн классификация зор мааниге ээ. Азыркы кезде В. И. Смирнов (1955) ж-а М. П. Материков (1974) тактап чыккан классификация кеңири колдонулууда. Мында минералдык-геохимиялык курамы боюнча К. к. силикат-кварцтуу, силикат-карбонаттуу, силикат-сульфиддүү түрлөргө бөлүнөт. О. эле башка касиеттерине жараша бир нече ген. типтерге ж-а кенташ формацияларына ажырайт (к. таблицаны).
К. к-ндагы эң негизги минерал болуп эсептелген касситерит минералы физ.-хим. жактан туруктуу касиетке ээ. Ошол себептен геол. сырткы процесстердин таасиринен элювий, делювий,

аллювий чачыранды кендерине айланат. Мындай кендер дүйнөлүк калай кенинин 75%ин түзөт. Азыркы кезде нукура кендерде 0,1–0,2%, чачыранды кендерде 100–150 г/м3 калай кездешсе, ө. ж-лык мааниге ээ болот. Чет өлкөдөгү эң ири калай кендерине Малайзия (Сунгей-Лембинг ж-а Кинга өрөөнүндөгү чачыранды кендер), Боливия (Лалагуа), Бирма (Маучи), Индонезия (Клаппа-Кампит), Кытай (Лаочан, Суншуцзяо, Малаги), Австралия (Аберфойл), Япония (Ахенобе), Россия (Забайкал-Окон, Этыкин, Ы. Чыгыш, Чукотка, Колыма, Приамурье, Приморье, Якутия, Депутат, Илинтас, Бургочан) ж. б. мисал болот. Кырг-нда Үч-Кошкон, Сары-Булак, «Трудовое» ж. б. калай кендери бар.
Ад.: Требования промышленности к качеству минерального сырья. Олово. М., 1961; Материков М. Н. Закономерности размещение и геолого-генетические группы оловянных месторождений СССР. М., 1974; Рудные месторождения СССР / под ред. акад. В. Смирнова, Т. 3. М., 1974.