КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАЙ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып алууга арзырлык калай металлы бар минерал­дардын табигый чогундусу. Жаратылышта ка­лай минералынын 18 түрү кездешет. Бирок алардын ичинен касситерит м-н станнин гана өнөр жайлык мааниге ээ. Кенташта булардын кон­центрациясы көп санда топтолот. Калай крис­таллдуу ж-а кристаллсыз кенташ түрдө жолу­гат. Кени нукура ж-а чачыранды түрлөрдөн ту­рат. Нукура кендер пайда болуу шартына жара­ша пегматиттүү, скарндуу, альбититтүү, гидро­термдүү, грейзендешкен түрлөргө бөлүнөт. Өнөр жай кендери бир нече классты түзөт. Мында С. С. Смир­нов (1937), кийинчерээк О. Р. Левицкий ж-а Е. А. Радкевич түзгөн классификация зор маа­ниге ээ. Азыркы кезде В. И. Смирнов (1955) ж-а М. П. Материков (1974) тактап чыккан клас­сификация кеңири колдонулууда. Мында ми­нералдык-геохимиялык курамы боюнча калай кенташтары силикат-кварц­туу, силикат-карбонаттуу, силикат-сульфиддүү түрлөргө бөлүнөт. Ошондой эле башка касиеттерине жа­раша бир нече ген. типтерге ж-а кенташ форма­цияларына ажырайт (к. таблицаны).
Калай кенташтарындагы эң негизги минерал болуп эсептел­ген касситерит минералы физикалык-химиялык жактан ту­руктуу касиетке ээ. Ошол себептен геологиялык сырт­кы процесстердин таасиринен элювий, делювий,


аллювий чачыранды кендерине айланат. Мын­дай кендер дүйнөлүк калай кенинин 75%ин түзөт. Азыркы кезде нукура кендерде 0,1–0,2%, чачыранды кендерде 100–150 г/м3 калай кездеш­се, өнөр жайлык мааниге ээ болот. Чет өлкөдөгү эң ири калай кендерине Малайзия (Сунгей-Лембинг ж-а Кинга өрөөнүндөгү чачыранды кендер), Боливия (Лалагуа), Бирма (Маучи), Индонезия (Клаппа-Кампит), Кытай (Лаочан, Суншуцзяо, Малаги), Австралия (Аберфойл), Япония (Ахе­нобе), Россия (Забайкал-Окон, Этыкин, Ыраакы Чы­гыш, Чукотка, Колыма, Приамурье, Приморье, Якутия, Депутат, Илинтас, Бургочан) ж. б. мисал болот. Кыргызстанда Үч-Кошкон, Сары-Булак, «Трудовое» ж. б. калай кендери бар.

Ад.: Требования промышленности к качеству мине­рального сырья. Олово. М., 1961; Материков М. Н. Закономерности размещение и геолого-генетические группы оловянных месторождений СССР. М., 1974; Рудные месторождения СССР / под ред. акад. В. Смир­нова, Т. 3. М., 1974.