КАЙЫҢДЫ (Токтогул районундагы суу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:45, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЙЫҢДЫ – Токтогул районундагы суу, Нарын­дын сол куймасы. Көк-Ирим тоосунун түндүк-ба­тыш капталындагы чакан тоо көлүнөн башта­лат. Узундугу 37 км, алабынын аянты 195 км2. Кууш капчыгай аркылуу агып, нугунда босоголор көп кездешет. Өрөөнү кооз, токойлуу шалбаа ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2800 м. Көк- Ирим тоосунун эң бийик жери (4351 м) Кайыңды суу­сунун алабында. Кайыңдынын 6 куймасы бар. Жыл­дык орточо чыгымы 2,90 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүктө­рүндөгү куймаларында илгертен калган арык­тар кездешет. Жээгинде Кайыңды кыштагы жай­гашкан.