КАЙЫРМА (Базар-Кор­гон районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

08:03, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАЙЫРМА – Жалал-Абад облусунун Базар-Кор­гон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол беке­тинен 23 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Кал­кы 1606 (2007); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.