КАЙЫРМА (Базар-Кор­гон районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЙЫРМА 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫРМА – Жалал-Абад облусунун Базар-Кор­гон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол беке­тинен 23 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Кал­кы 2359 (2022); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.