КАЙМАН АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
КАЙМАН АРАЛДАРЫ Улуу Британиянын ээли­ги. Ямайка | КАЙМАН АРАЛДАРЫ Улуу Британиянын ээли­ги. Ямайка аралынан түндүк-батышта, Кариб деңизин­деги Чоң ж-а Кичи Кайман, Кайман-Брак аралдарын ээлейт. Аянты 259 км2. Калкы 54,4 миң (2008); вест-индиялык негрлер м-н мулаттар (60%ке жакын), европалыктар (20%) ж-а башка топ­тогулар (20%тен ашык) жашайт. Алгач аралга ямайкалыктар отурукташкан. Кичи Кайман ж-а Кайман-Брак аралдарында туруктуу отурукташуу кийинчерээк 1833-жылдан башталган. Негизи­нен христиан динин (85,2%) тутат. Расмий ти­ли – англис тили. Борбору – Жоржтаун. Акча бирдиги – Кайман доллары. Ири шаарлары: Жоржтаун (калкы 13 миң), Вестбей (3900), Бод­дентаун (1600).
Аралды Улуу Британия королевасы дайын­даган генерал-губернатор башкарат; ошондой эле Ат­каруу кеңешин ж-а Мыйзам чыгаруу ассам­блеясын жетектейт. Азыркы конституциясы 1972-жылы кабыл алынган.
Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик же­ри Кайман-Брак аралындагы Блафф тумшугу, 43 м) келип, акиташ тегинен туруп, шуру рифтери м-н курчалган. Жээктерин мангр өсүмдүктөрү ээлейт. Карст өнүккөн. Тектоникалык жактан Антил- Кариб облусуна кирет. Климаты тропиктик, пассаттык. Жаан-чачындуу ж-а жылуу мезгили майдан ноябрга, салыштырмалуу кургак ж-а сал­кын мезгили ноябрдан майга чейин созулат. Айлык орточо температурасы 21–26°С, кышкысын 20°С. Деңиз суусунун температурасы 27–28°С. Жыл­дык жаан-чачыны 3000 мм. Июлдан декабрга чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп ту­рат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жа­салма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерле­ринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кезде­шет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы ж-а улуттук парктар уюшулууда.
Кайман аралдарын 1503-жылы Колумб жетектеген экспеди­ция ачкан. 1530-жылы таш бакалардын көптүгүнөн Лас-Тортугас деп аталган. 1662-жылы Англия ба­сып алган. Мадрид келишими боюнча 1670-жылы Ис­пания Англияга берген. 1863–1962-жылдарда Ямайка­нын курамында болгон. 1959-жылы Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. 1962-жыл­дан Улуу Британиянын башкаруусунун алдында. Экономикасынын негизин туризм (туристтер­дин 85%и АКШдан келет) м-н финансы иштери түзөт. Аралдын ИДПсинин көлөмү 1,94 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 43,8 миң доллардан туура келет (дүйнөдөгү эң жо­горку көрсөткүчтөрдүн бири ж-а элинин жашоо деңгээли боюнча да эң жогорку баскычта турат). Тейлөө чөйрөсүндө калктын 95%и, өнөр жайында 3,2%и, айыл чарбасында 2,3%и эмгектенет. Экономика жаатында эмгектенгендердин 50%и чет өлкөлүк­төр (2005). 1998-жылдан оффшордук борбор [83,5 миң компания катталган (2006), анын ичинде 9,4 миңи пай фонду, 300 банк, 800 камсызданды- | ||
Аралды Улуу Британия королевасы дайын­даган генерал-губернатор башкарат; | |||
Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик же­ри Кайман-Брак | |||
чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп ту­рат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жа­салма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерле­ринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кезде­шет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы ж-а улуттук парктар уюшулууда.

[[File:КАЙМАН АРАЛДАРЫ106.png | thumb | Жоржтаунга жакын жайгашкан пляж.]] | [[File:КАЙМАН АРАЛДАРЫ106.png | thumb | Жоржтаунга жакын жайгашкан пляж.]] | ||
руучу ж-а 160 траст (ишенич) компаниялары]. | руучу ж-а 160 траст (ишенич) компаниялары]. Кайман аралдары – дүйнөдөгү алдыңкы банк борборлорунун бири. Аралда дүйнөдөгү эң ири 50 банктын 40ынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. 21-кылымдын башынан Кайман аралдарында катталган банктардын саны алардын биригишинен азайганы м-н түшкөн киреше көбөйүүдө (2006-жылы 1,41 трлн доллар; 2002-жылы 0,96 трлн доллар). Өнөр жайы начар өнүккөн. 2005-жылы 400 млн кВт·с электр энергиясы өндү­рүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 785 км. Чоң Кайман аралында автобус каттайт. Автопаркы, эл аралык аэропорту (Чоң Кайман аралында) бар. Де­ңиз порту. Соода флотунда 124 кеме бар. Та­мак-аш (негизинен айыл чарба продуктулары беленде­лет, пиво ж-а суусундуктар), курулуш мате­риалдар, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Бе­лек-бечкектер даярдалат. Азык-түлүктүн 90%и импорттолот. Помидор, цитрус, банан, манго, өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даяр­далат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктар­га бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту ж-а эти экспорттолот. Негизги соода шериктеште­ри: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланд­дык Антил аралдары (импорт). | ||
өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даяр­далат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктар­га бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту ж-а эти экспорттолот. Негизги соода шериктеште­ри: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланд­дык Антил аралдары (импорт). | |||
| 15 сап: | 10 сап: | ||

Р. Карачалова.

Р. Карачалова.

[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
06:10, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЙМАН АРАЛДАРЫ Улуу Британиянын ээлиги. Ямайка аралынан түндүк-батышта, Кариб деңизиндеги Чоң ж-а Кичи Кайман, Кайман-Брак аралдарын ээлейт. Аянты 259 км2. Калкы 54,4 миң (2008); вест-индиялык негрлер м-н мулаттар (60%ке жакын), европалыктар (20%) ж-а башка топтогулар (20%тен ашык) жашайт. Алгач аралга ямайкалыктар отурукташкан. Кичи Кайман ж-а Кайман-Брак аралдарында туруктуу отурукташуу кийинчерээк 1833-жылдан башталган. Негизинен христиан динин (85,2%) тутат. Расмий тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун. Акча бирдиги – Кайман доллары. Ири шаарлары: Жоржтаун (калкы 13 миң), Вестбей (3900), Боддентаун (1600).
Аралды Улуу Британия королевасы дайындаган генерал-губернатор башкарат; ошондой эле Аткаруу кеңешин ж-а Мыйзам чыгаруу ассамблеясын жетектейт. Азыркы конституциясы 1972-жылы кабыл алынган.
Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик жери Кайман-Брак аралындагы Блафф тумшугу, 43 м) келип, акиташ тегинен туруп, шуру рифтери м-н курчалган. Жээктерин мангр өсүмдүктөрү ээлейт. Карст өнүккөн. Тектоникалык жактан Антил- Кариб облусуна кирет. Климаты тропиктик, пассаттык. Жаан-чачындуу ж-а жылуу мезгили майдан ноябрга, салыштырмалуу кургак ж-а салкын мезгили ноябрдан майга чейин созулат. Айлык орточо температурасы 21–26°С, кышкысын 20°С. Деңиз суусунун температурасы 27–28°С. Жылдык жаан-чачыны 3000 мм. Июлдан декабрга чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп турат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жасалма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерлеринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кездешет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы ж-а улуттук парктар уюшулууда.
Кайман аралдарын 1503-жылы Колумб жетектеген экспедиция ачкан. 1530-жылы таш бакалардын көптүгүнөн Лас-Тортугас деп аталган. 1662-жылы Англия басып алган. Мадрид келишими боюнча 1670-жылы Испания Англияга берген. 1863–1962-жылдарда Ямайканын курамында болгон. 1959-жылы Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. 1962-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун алдында. Экономикасынын негизин туризм (туристтердин 85%и АКШдан келет) м-н финансы иштери түзөт. Аралдын ИДПсинин көлөмү 1,94 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 43,8 миң доллардан туура келет (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири ж-а элинин жашоо деңгээли боюнча да эң жогорку баскычта турат). Тейлөө чөйрөсүндө калктын 95%и, өнөр жайында 3,2%и, айыл чарбасында 2,3%и эмгектенет. Экономика жаатында эмгектенгендердин 50%и чет өлкөлүктөр (2005). 1998-жылдан оффшордук борбор [83,5 миң компания катталган (2006), анын ичинде 9,4 миңи пай фонду, 300 банк, 800 камсызданды-

руучу ж-а 160 траст (ишенич) компаниялары]. Кайман аралдары – дүйнөдөгү алдыңкы банк борборлорунун бири. Аралда дүйнөдөгү эң ири 50 банктын 40ынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. 21-кылымдын башынан Кайман аралдарында катталган банктардын саны алардын биригишинен азайганы м-н түшкөн киреше көбөйүүдө (2006-жылы 1,41 трлн доллар; 2002-жылы 0,96 трлн доллар). Өнөр жайы начар өнүккөн. 2005-жылы 400 млн кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 785 км. Чоң Кайман аралында автобус каттайт. Автопаркы, эл аралык аэропорту (Чоң Кайман аралында) бар. Деңиз порту. Соода флотунда 124 кеме бар. Тамак-аш (негизинен айыл чарба продуктулары беленделет, пиво ж-а суусундуктар), курулуш материалдар, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Белек-бечкектер даярдалат. Азык-түлүктүн 90%и импорттолот. Помидор, цитрус, банан, манго, өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даярдалат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктарга бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту ж-а эти экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланддык Антил аралдары (импорт).
Ад.: Каймановы острова // Всё о странах мира. Атлас справочник. СПб, 2006; Каймановы острова // Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2008.
Р. Карачалова.