КАЙМАН АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙМАН АРАЛДАРЫ Улуу Британиянын ээли­ги. Ямайка аралынан түндүк-батышта, Кариб деңизин­деги Чоң ж-а Кичи Кайман, Кайман-Брак аралдарын ээлейт. Аянты 259 км2. Калкы 88,8 миң (2024); вест-индиялык негрлер м-н мулаттар (60%ке жакын), европалыктар (20%) ж-а башка топ­тогулар (20%тен ашык) жашайт. Алгач аралга ямайкалыктар отурукташкан. Кичи Кайман ж-а Кайман-Брак аралдарында туруктуу отурукташуу кийинчерээк 1833-жылдан башталган. Негизи­нен христиан динин (85,2%) тутат. Расмий ти­ли – англис тили. Борбору – Жоржтаун. Акча бирдиги – Кайман доллары. Ири шаарлары: Жоржтаун (калкы 13 миң), Вестбей (3900), Бод­дентаун (1600).
Аралды Улуу Британия королевасы дайын­даган генерал-губернатор башкарат; ошондой эле Ат­каруу кеңешин ж-а Мыйзам чыгаруу ассам­блеясын жетектейт. Азыркы конституциясы 1972-жылы кабыл алынган.
Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик же­ри Кайман-Брак аралындагы Блафф тумшугу, 43 м) келип, акиташ тегинен туруп, шуру рифтери м-н курчалган. Жээктерин мангр өсүмдүктөрү ээлейт. Карст өнүккөн. Тектоникалык жактан Антил- Кариб облусуна кирет. Климаты тропиктик, пассаттык. Жаан-чачындуу ж-а жылуу мезгили майдан ноябрга, салыштырмалуу кургак ж-а сал­кын мезгили ноябрдан майга чейин созулат. Айлык орточо температурасы 21–26°С, кышкысын 20°С. Деңиз суусунун температурасы 27–28°С. Жыл­дык жаан-чачыны 3000 мм. Июлдан декабрга чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп ту­рат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жа­салма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерле­ринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кезде­шет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы ж-а улуттук парктар уюшулууда.
Кайман аралдарын 1503-жылы Колумб жетектеген экспеди­ция ачкан. 1530-жылы таш бакалардын көптүгүнөн Лас-Тортугас деп аталган. 1662-жылы Англия ба­сып алган. Мадрид келишими боюнча 1670-жылы Ис­пания Англияга берген. 1863–1962-жылдарда Ямайка­нын курамында болгон. 1959-жылы Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. 1962-жыл­дан Улуу Британиянын башкаруусунун алдында. Экономикасынын негизин туризм (туристтер­дин 85%и АКШдан келет) м-н финансы иштери түзөт. Аралдын ИДПсинин көлөмү 1,94 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 43,8 миң доллардан туура келет (дүйнөдөгү эң жо­горку көрсөткүчтөрдүн бири ж-а элинин жашоо деңгээли боюнча да эң жогорку баскычта турат). Тейлөө чөйрөсүндө калктын 95%и, өнөр жайында 3,2%и, айыл чарбасында 2,3%и эмгектенет. Экономика жаатында эмгектенгендердин 50%и чет өлкөлүк­төр (2005). 1998-жылдан оффшордук борбор [83,5 миң компания катталган (2006), анын ичинде 9,4 миңи пай фонду, 300 банк, 800 камсызданды-


Жоржтаунга жакын жайгашкан пляж.

руучу ж-а 160 траст (ишенич) компаниялары]. Кайман аралдары – дүйнөдөгү алдыңкы банк борборлорунун бири. Аралда дүйнөдөгү эң ири 50 банктын 40ынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. 21-кылымдын башынан Кайман аралдарында катталган банктардын саны алардын биригишинен азайганы м-н түшкөн киреше көбөйүүдө (2006-жылы 1,41 трлн доллар; 2002-жылы 0,96 трлн доллар). Өнөр жайы начар өнүккөн. 2005-жылы 400 млн кВт·с электр энергиясы өндү­рүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 785 км. Чоң Кайман аралында автобус каттайт. Автопаркы, эл аралык аэропорту (Чоң Кайман аралында) бар. Де­ңиз порту. Соода флотунда 124 кеме бар. Та­мак-аш (негизинен айыл чарба продуктулары беленде­лет, пиво ж-а суусундуктар), курулуш мате­риалдар, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Бе­лек-бечкектер даярдалат. Азык-түлүктүн 90%и импорттолот. Помидор, цитрус, банан, манго, өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даяр­далат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктар­га бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту ж-а эти экспорттолот. Негизги соода шериктеште­ри: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланд­дык Антил аралдары (импорт).


Ад.: Каймановы острова // Всё о странах мира. Атлас справочник. СПб, 2006; Каймановы острова // Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2008.

Р. Карачалова.