КАШИРИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАШИ́РИН Фёдор Тихонович (11. 10. 1911, Во­ронеж обл., Борисоглебский р-ну, Танцырей кыш. – 25. 04. 1997, Бишкек) –

геолог, геоло­гия-минералогия илимд. доктору (1964), проф. (1968). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1953), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1954). Москва геол. чал­гындоо ин-тун бүткөн (1938). Кыргыз ССР Геол. башкар­масында геол. партиялар м-н экспедициялардын баш­кы геологу, начальниги (1941– 56), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1958–60), Геология ин-тунда сектор башчы (1956), ин-ттун директору (1975–88). Ил. эмгектери Кырг-ндын көмүр ж-а уран-көмүр кен­деринин геологиясына, алардын таралыш өзгө­чөлүгүнө, пайда болуу шарттарына арналган. 60 ил. эмгектин (а. и. 7 монография) автору. Ле­нин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ор­дендери, медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Новый угленосный район в Киргизской ССР// Тр. Лаборатории угля АН СССР, В. 7. М., 1957; Гео­логия месторождений угля и горючих сланцев. Т. 6. М., 1968; Узгенский каменноугольный бассейн. Ф., 1975 (соавт.).