КАТЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТЫШ – бирдей өлчөмдөгү (бир тектүү) эки чоңдуктун бирин экинчисине бөлгөндөгү тийин­ди, б. а. алардын бөлүү жолу м-н салыштыры­лышы. Бирдей өлчөмдөгү чоңдуктардын (уба­кыт, аралык, аянт, көлөм, салмак ж. б.) К-ы алардын сан өлчөмдөрүнүн К-ы м-н аныкталат да, алардын өлчөө бирдиктерине көз каранды болбойт. Тийиндидеги бөлүнүүчү К-тын мурун­ку, бөлүүчү анын кийинки мүчөсү деп аталат.
Мис., а:b=c болсо, анда а – К-тын мурунку, b – анын кийинки мүчөсү болот. К-тын касиетте­ри тийиндинин же бөлчөктүн касиеттеринен эч айырмаланбайт, а. а. эгер а:b=c болсо, анда a a b 1) a=bc; 2) b = ; 3) аk:bk=c; 4) : = c ; 5) бөл- c k k чөктүү сандардын К-тарын бүтүн сандардын К-тары м-н алмаштырууга болот: 1 3 : = 5 11 1

:

3 5 55 3

15 15 = 55 : 3. Бир тектүү чоңдуктар- дын К-ы пайыз (процент) аркылуу туюнтулат.
Мис., китепканадагы 20000 китептин 6000и кыр­гыз тилинде десек, кыргызча китептердин саны алардын жалпы санына карата кандайча ка­тышат? 6000:20000 = 0,3, издеген катыш 0,3 же 30% болот. Эки же бир нече барабар К-тар про­порцияны түзөт.