КАТЫШ
КАТЫШ – бирдей өлчөмдөгү (бир тектүү) эки чоңдуктун бирин экинчисине бөлгөндөгү тийинди, башкача айтканда алардын бөлүү жолу м-н салыштырылышы. Бирдей өлчөмдөгү чоңдуктардын (убакыт, аралык, аянт, көлөм, салмак ж. б.) катышы алардын сан өлчөмдөрүнүн катышы м-н аныкталат да, алардын өлчөө бирдиктерине көз каранды болбойт. Тийиндидеги бөлүнүүчү катыштын мурунку, бөлүүчү анын кийинки мүчөсү деп аталат. Мисалы, а:b=c болсо, анда а – катыштын мурунку, b – анын кийинки мүчөсү болот. Катыштын касиеттери тийиндинин же бөлчөктүн касиеттеринен эч айырмаланбайт, атап айтканда эгер а:b=c болсо, анда a b 1) a=bc; 2) b =; 3) аk:bk=c; 4): = c ; 5) бөлчөктүү сандардын катыштарын бүтүн сандардын катыштары м-н алмаштырууга болот:1 3: = 5 11 1
3 5 55 3
15 15= 55: 3. Бир тектүү чоңдуктардын катышы пайыз (процент) аркылуу туюнтулат.
Мисалы, китепканадагы 20000 китептин 6000и кыргыз тилинде десек, кыргызча китептердин саны алардын жалпы санына карата кандайча катышат? 6000:20000 = 0,3, издеген катыш 0,3 же 30% болот. Эки же бир нече барабар катыштар пропорцияны түзөт.