КАТУНЬ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТУ́НЬ КЫРКА ТООСУ – Алтайдын эң бийик тоолорунун бири; Алтай Респ-нын аймагында. Катунь, Аргут, Берель д-нын суу бөлгүчү. Дого сымал ийилип 150 кмге созулат. К. к. т-нда Алтайдын эң бийик (4506 м) чокусу – Белуха жайгашкан. Бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарын ээлеген күңүрт-ийне жалбырактуу тоотайга (кедр, карагай, көк карагай) токою ж-а жайдак аскалардын (гольцтордун) астындагы токой (кара карагай, кедр) ж-а сейрек токой 200–2200 м бийикте тоо тундрасы, өскүлөң шалбаалуу субальп ж-а жапыз өскөн шалбаалуу альп зоналары м-н алмашат. Тоо кырларында ж-а чокуларында өрөөн ж-а өрөөн-төр тибиндеги мөңгүлөр (390дон ашык, жалпы аянты 283,1 км2) бар; ирилери: Мөңсу, Берель, Катунь ж. б. Кырка тоонун чегинде Катунь коругу бар.