КАТУНЬ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУ́НЬ КЫРКА ТООСУ – Алтайдын эң бийик тоолорунун бири; Алтай Республикасынын аймагында. Катунь, Аргут, Берель дарыяларынын суу бөлгүчү. Дого сымал ийилип 150 кмге созулат. Катунь кырка тоосунда Алтайдын эң бийик (4506 м) чокусу – Белуха жайгашкан. Бийик тоо рельефи басымдуу. Кап­талдарын ээлеген күңүрт-ийне жалбырактуу тоо­тайга (кедр, карагай, көк карагай) токою ж-а жайдак аскалардын (гольцтордун) астындагы токой (кара карагай, кедр) ж-а сейрек токой 200–2200 м бийикте тоо тундрасы, өскүлөң шал­баалуу субальп ж-а жапыз өскөн шалбаалуу альп зоналары м-н алмашат. Тоо кырларында ж-а чокуларында өрөөн ж-а өрөөн-төр тибинде­ги мөңгүлөр (390дон ашык, жалпы аянты 283,1 км2) бар; ирилери: Мөңсу, Берель, Катунь ж. б. Кырка тоонун чегинде Катунь коругу бар.