КАТУНЬ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТУ́НЬ – Алтай Респ. м-н Алтай крайы аркылуу аккан дарыя. Бий суусу м-н кошулуп, Обь д-н түзөт. Уз. 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун түш. капталындагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агымында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суусунун жылдык орт. чыгымы Сростка кыш. тушта 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жарымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агызылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь коругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск ш-нан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Катунь» топоними байыркы түрк тилинде – «дарыя» деген маанини билдирет.