КАТТАХАЗ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТТАХАЗ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Ош ш-нан 2–3 км түш.-ба­тышта, Ак-Буура суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1000–1300 м бийикте. 1977-ж. Түш. Кыр­гыз геол. экспедициясы чалгындаган. Калың­дыгы 30 мден 70 мге жеткен плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилиндеги аллювий кум-шагыл­дан түзүлгөн. Кум-шагылдын астында конгло­мераттар жатат, калыңдыгы 7,5–10 мге жеткен кумайлуу чопо м-н жабылып калган. Кошун­дуда 25,5% койташ, 52% шагыл, 22,5% кум бар. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон даярдоого жарамдуу. Запасы А+В категориясы б-ча – 6000

миң м3, С – 9700 миң м3, А+В+С – 15700 м3.

1997-жылга карата баланстагы запасы: А – 122 миң м3, В – 1841 миң м3, А+В –1963 миң м3,

3 3 С1 – 9700 миң м , А+В+С1 – 11663 миң м .