КАТОД-ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТО́Д-ЛЮМИНЕСЦЕ́НЦИЯ – затты электрон­дор (катод нуру) м-н дүүлүктүргөндө (бомбала­ганда) пайда болуучу люминесценция; радиолю­минесценциянын бир түрү, мис., электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, мол. кристалл, кристалл-фосфор К.-л. жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасири­не туруктуу келип, жетишерлик жарык чыга­рат, ошондуктан ал катод-люминофор катары колдонулат. К.-л-нын спектри фотолюминесцен­циянын спектрине окшош. К.-л. вакуум элек­троникасында колдонулат. К. л. кубулушу ла­зерди түзүүгө негиз болгон.