КАТОВИЦЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТОВИ́ЦЕ – Польшанын түштүгүндөгү шаар.
Силезия воеводдугунун адм. борбору. Висла д-нын алабында жайгашкан. Калкы 307,7 миң (2008); өлкөдөгү эң ири Жогорку Силезия (кал­кы 2,5 млн) агломерациясынын борбору. Ири жолдор (а. и. эл аралык автомагистралдар) тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1598-ж. жазма эстеликтерде эскерилет. Соңку готика сти­линдеги Михаил Архангел жыгач костёлу (1510), неоготика стилиндеги Ыйык Мария бий­кеч (1870), Ыйык Стефан (1894) костёлдору, өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. К. – өлкөнүн оор ө. ж-нын ири борбору. Катовице мамл. көмүр холдинги Жогорку Силезиядагы көмүр бассей­нинин иштеп жаткан шахталарын бириктирет. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоо­кен ө. ж. үчүн машиналар ж-а жабдуулар), жо­горку технологиядагы электрон жабдууларын ж-а оптика приборлорун чыгарат, хим. (жер се­мирткич), тамак-аш, фарфор-фаянс, полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. Курулуш индустрия­сы өнүккөн. Польша ИАнын бөлүмү, ин-ттар,


ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ (а. и. Силезия мед. ун-ти, 1948; Польшадагы эң ири), 9 академия (а. и. муз., экон. ж. б.), жогорку мектептер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар, филармония бар. Шаардын чегинде 12 парк (8и коргоого алынган), токой ж-а флора табигый коруктары уюштурулган. Эл аралык фестивал­дар, конкурстар (дирижёрлордун ж. б.) ж-а соо­да ярмаркалары өткөрүлүп турат.