КАТАР-ЖАҢГАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТАР-ЖАҢГАК – Жалал-Абад обл-нун Базар- Коргон р-нундагы кыштак. Кызыл-Үңкүр айыл округуна караштуу. «Кызыл-Үңкүр» токой чар­басынын аймагында, Кара-Үңкүр суусунун оң жээгиндеги жапайы жаңгак-жемиш токоюнун арасында, деңиз деңг. 1080 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 62 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 95 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен токойчулукта ж-а аарычылыкта эмгектенет. Кыштакка жа­кын балдар эс алуучу жайлар – «Медик», «Ал­тын-Булак» лагерлери, «Кара-Булак» турбаза­сы жайгашкан.