КАСПИЙ ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КА́СПИЙ ДЕҢИЗИ , К а с п и й (байыркы ж-а о. кылымдарда Г и р к а н, орус жыл баянда­рында Х в а л ы н, Х а з а р деп аталган) – дүйнөдөгү ири туюк көл-деңиз. Европа м-н Азия­нын чегинде, негизинен чөл ж-а жарым чөл зо-


Баку шаарынын жээги.

наларында жайгашкан; Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан ж-а Ирандын жээкте­рин чулгайт. Батышынан ж-а түштүгүнөн Кавказ, Эльбурс тоолору м-н чектешет. К. д-нин деңгээли океан деңгээлинен төмөн (–27 м). 1929-жылдан 1977-ж. чейин Каспийдин деңгээ­ли 25,9 мден 29 мге чейин төмөндөгөн (бул 400 жыл ичиндеги эң төмөнкү чек болуп сана­лат). 1978-жылдан деңгээли кайра көтөрүлүп, 1995-ж. 26,6 мге жеткен. Аянты (26,6 м дең­гээлдеги) 390 миң км2, көлөмү 78 миң км3. Де­ңиздин жазылыгы 200–400 км, меридиан б-ча 1030 кмге созулат. Түн. бөлүгү тайыз (22 мге че­йин), түштүгүндө 1026 мге чейин тереңдейт. Түн. жээги түзөң, батышы м-н түштүгү негизинен би­йик, тоолуу, чыгышы көтөрүңкү; ири булуңда­ры: Түркмөн-Башы (Красноводск), Түркмөн, Маң­кыштак, Казак, Кара-Богаз-Гол; батышында: Кизляр, Аграхан, Кызылагаж, Бакы бухтасы; түштүгүнө тайыз лагуналар мүнөздүү. 50дөй чакан (жалпы аянты 2 миң км2) аралы бар, алардын көбү түн. бөлүгүндө. Волга, Урал, Кура, Терек, Сулак, Сефидруд ж. б. дарыялар куят. Суусунун кышкы темп-расы түштүгүндө 12°Сге чейин, түндүгүндө 0°Сден төмөн, жайында 23– 28°Сге чейин жылыйт. Кышында деңиздин түн. бөлүгү 2–3 айга тоңот. Туздуулугу түн.-чыгы­шында 12,6–13,6‰, Кара-Богаз-Голдо 300‰ге чейин, Волганын чатына жакын 0,05‰ге чейин азаят. Деңизден балык (осётр, судак, лещ, ка­ңылтыр, килька) көп кармалат; түлөн промы­сели бар. Нефть ж-а газ казылып алынат. Суу­дагы нефть продуктуларынын ж-а фенолдордун концент-сы булгануунун коопсуз концентрация чегинен (ККЧ) ашык (ККЧ 2ден 16га чейин). Азов, Кара, Ак ж-а Балтика деңиздери м-н ички суу жолдору аркылуу туташат. Башкы портто­ру: Баку (Азербайжан), Астрахань, Махачкала (Россия), Шевченко (Казакстан), Энзели (Иран), Түркмөн-Башы (Түркмөнстан), Баку ж-а Түркмөн- Башы ш-н т. ж. парому байланыштырат. Каспий­деги углеводород сырьёлорун өндүрүү ж-а балык кармоо ургаалдуу жүргүзүлгөндүктөн, деңиздин экол. абалы кыйла жабыр тарткан; жээктен алыс бөлүгү гана салыштырмалуу туруктуу абалда.


Ад.: Колебания уровня Каспийского моря. М., 1956; Каспийское море. М., 1969; Гюль К. К., Лаппалай­нен Т. Н., Полушкин В. А. Каспийское море. М., 1970; Зонн И. С. Каспийская энциклопедия. М., 2004.