КАСПИЙ ДЕҢИЗИ
КА́СПИЙ ДЕҢИЗИ , К а с п и й (байыркы ж-а орто кылымдарда Г и р к а н, орус жыл баяндарында Х в а л ы н, Х а з а р деп аталган) – дүйнөдөгү ири туюк көл-деңиз. Европа м-н Азиянын чегинде, негизинен чөл ж-а жарым чөл зо-

наларында жайгашкан; Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан ж-а Ирандын жээктерин чулгайт. Батышынан ж-а түштүгүнөн Кавказ, Эльбурс тоолору м-н чектешет. Каспий деңизинин деңгээли океан деңгээлинен төмөн (–27 м). 1929-жылдан 1977-жылга чейин Каспийдин деңгээли 25,9 мден 29 мге чейин төмөндөгөн (бул 400 жыл ичиндеги эң төмөнкү чек болуп саналат). 1978-жылдан деңгээли кайра көтөрүлүп, 1995-жылы 26,6 мге жеткен. Аянты (26,6 м деңгээлдеги) 390 миң км2, көлөмү 78 миң км3. Деңиздин жазылыгы 200–400 км, меридиан боюнча 1030 кмге созулат. Түндүк бөлүгү тайыз (22 мге чейин), түштүгүндө 1026 мге чейин тереңдейт. Түндүк жээги түзөң, батышы м-н түштүгү негизинен бийик, тоолуу, чыгышы көтөрүңкү; ири булуңдары: Түркмөн-Башы (Красноводск), Түркмөн, Маңкыштак, Казак, Кара-Богаз-Гол; батышында: Кизляр, Аграхан, Кызылагаж, Бакы бухтасы; түштүгүнө тайыз лагуналар мүнөздүү. 50дөй чакан (жалпы аянты 2 миң км2) аралы бар, алардын көбү түндүк бөлүгүндө. Волга, Урал, Кура, Терек, Сулак, Сефидруд ж. б. дарыялар куят. Суусунун кышкы температурасы түштүгүндө 12°Сге чейин, түндүгүндө 0°Сден төмөн, жайында 23– 28°Сге чейин жылыйт. Кышында деңиздин түндүк бөлүгү 2–3 айга тоңот. Туздуулугу түндүк-чыгышында 12,6–13,6‰, Кара-Богаз-Голдо 300‰ге чейин, Волганын чатына жакын 0,05‰ге чейин азаят. Деңизден балык (осётр, судак, лещ, каңылтыр, килька) көп кармалат; түлөн промысели бар. Нефть ж-а газ казылып алынат. Суудагы нефть продуктуларынын ж-а фенолдордун концентрациясы булгануунун коопсуз концентрация чегинен (ККЧ) ашык (ККЧ 2ден 16га чейин). Азов, Кара, Ак ж-а Балтика деңиздери м-н ички суу жолдору аркылуу туташат. Башкы порттору: Баку (Азербайжан), Астрахань, Махачкала (Россия), Шевченко (Казакстан), Энзели (Иран), Түркмөн-Башы (Түркмөнстан), Баку ж-а Түркмөн- Башы шаарларын темир жол парому байланыштырат. Каспийдеги углеводород сырьёлорун өндүрүү ж-а балык кармоо ургаалдуу жүргүзүлгөндүктөн, деңиздин экологиялык абалы кыйла жабыр тарткан; жээктен алыс бөлүгү гана салыштырмалуу туруктуу абалда.
Ад.: Колебания уровня Каспийского моря. М., 1956; Каспийское море. М., 1969; Гюль К. К., Лаппалайнен Т. Н., Полушкин В. А. Каспийское море. М., 1970; Зонн И. С. Каспийская энциклопедия. М., 2004.