КАРЫМШАКОВ Абдыкасым: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЫМШАКОВ Абдыкасым (1913, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну)

Күрмөнтү кыш. – 6. 8. 1997, ошол эле жер) – Даңк орденинин толук кавалери, учкуч-аткыч. 1941-жылдын сентябрынан Сов. Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Түш., 4-, 1-Украин ж-а Беларусь фронтторунда салгылашып, Таганрог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Витебск, Борисов ш-н бошотууга, Сандомир плацдармын ээлөөгө, Кёнигсберг ш-н алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылаштагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине, Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 2- ж-а 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуш убагында 203 согуштук учуш жасап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп ж-а Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы м-н аталат.