КАРФАГЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРФАГЕ́Н (финикийче К а р т х а д а ш т – жаңы шаар) – Түн. Африкадагы байыркы кул ээлик шаар-мамлекет. Ал б. з. ч. 7–4-к-да Түн.
Африканын жээк бөлүктөрүн, Түш. Испаниянын ж-а Жер ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. К-ди б. з. ч. 825-ж. Тир ш-нан чыккан финикиялык колониячылар негиздеген.
Геогр. абалынын ыңгайлуулугу анын ири соода борбору болушуна шарт түзгөн. Кол өнөрчүлүк м-н ири кул ээлиги (а. ч-нда) кеңири өнүккөн. К-ге баш ийген калктар Карфаген бийлөөчүлө­рүнө натуралай салык берип, финикиялык ко­лониялар соода кылганы үчүн бажы төлөп ту­рушкан. Б. з. ч. 3-к-дын башында Сицилия бүт бойдон (Сиракузыдан башкасы) К-дин кара­магына өткөн. Сицилия 1-Пуни согушу (264– 241-ж.) мезгилинде К. м-н Римдин ортосунда та­лашка түшкөн. Бул талашта К. жеңилип, Си­цилиядан баш тарткан. Б. з. ч. 3-к-дын 30–40- жылдарында К-де бийлик Гамилькар Барка башкарган демокр. топтун колуна өткөн. Б. з. ч. 237- ж-а 219-ж. К-ди бийлөөчүлөр өз мамлеке­тинин согуштук күч-кубатын чыңдоо м-н эле чек­телбей, Испанияда ээлеген жерлерин кеңейтүүгө жетишкен. Б. з. ч. 219-ж. К. башкаруучусу Ган­нибалдын Сагунта ш-н курчап алышы 2-Пуни согушунун (б. з. ч. 218–201) чыгышына себеп болгон. К. бийлөөчүлөрү Замда (б. з. ч. 202-ж.) жеңилген соң Рим м-н тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, Испаниядагы бийлигинен ажы­раган. Римдиктер К-дин экон. жактан кубатта­нып кетишинен кооптонушуп, 3-Пуни согушун (б. з. ч. 149–146-ж.) ачкан. Мында К. аскери жеңилип, калкы кулдукка сатылган. К. айма­гынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, кал­ганы Римдин Африкадагы провинциясына ай­ланган.


Ад.: Циркин Ю. Б. Карфаген и его культура. М., 1986; Шифман. И. Ш. Карфаген. СПб., 2006.