КАРУЗО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРУ́ЗО Энрико [25. 2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер] – итал. ырчы (тенор). Ал­гач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–98-ж. Италиянын көптө-

Э. Карузо Манрико­нун партиясында. Ж. Верди, «Труба­дур».

гөн шаарларында, 1900–01-ж. Миландын «Ла- Скала» театрында ырдаган. 1903–20-ж. Нью- Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын со­листи. 1898-жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Ита­лияга жыл сайын барып турган. К. дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды [Герцог, Манрико, Рада­мес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Ка­варадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тос­ка», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») ж. б.] аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү м-н ырдаган. К. фортепьянодо, гитара­да, флейтада, трубада ойногон, таланттуу ка­рикатурист да болгон.