КАРПИНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРПИ́НИ Иоанн де-Плано, Жованни Пиано де- Карпини [1182 Италия, Перуджага жакын – 1252, Черногория, Антивари (азыр Бар) ш.] – итал. элчи, саякатчы, кечил. Перуджи ш-нын атактуу үй-бүлөсүнөн. Франциска-минарит ке­чил орденин негиздөөчүлөрдүн бири. Миссионер­дик иш м-н Тунисте (1222), Испанияда (1225) болгон. Рим папасы Иннокентий IVнүн тапшыр­масы б-ча 1246-ж. элчи катары Моңгол ханды­гынын ордосу – Кара-Корумга жиберилген. Ал Богемия, Силезия, Днепр, Дон, Волга, Жайык (Урал), Жети-Суу, Тарбагатай аркылуу келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтөрүү сал­танатына катышкан. Анын жолдо көргөнүн жазган эмгеги жогору бааланып, кайтып бар­гандан кийин архиепископ наамын ж. б. сый­лыктарды алган. К-нин чыгармасында («Либел­лус хисторикус») азыркы Кырг-н (Түн. ж-а Чыгыш Тянь-Шань), Отрар, Жасы, Сыганак, Сайрам, Ашнас ж. б. ш., о. эле көчмөн моңгол уруулары, алардын турак жай, үрп-адаты, дини ж-а аларга баш ийген элдердин админ.- мамл. түзүлүшү, феодалдык менчик (жайыт), көчмөн калктын феодалдарга көз каранды­лыгы ж-дө тарыхый маалыматтар камтыл­ган. Бул эмгек ил. чөйрөдө жогору бааланып, англис, француз, орус ж. б. тилдерге кото­рулган.


Ад.: Малеин А. И. Иоанн де Плано Карпини. История монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны в лето благости 1253. СПб. 1911; Хр ис т ианс кий мир и «В еликая Мон гольская империя». СПб., 2002.