КАРЛЫГАЧТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЛЫГАЧТАР (Apodes) – карлыгач сымалдар (узун канаттуулар) түркүмүндөгү куштар түркүмчөсү. Дене түзүлүшү чабалекейге окшош, ача куйруктуу. Тумшугу кичине, оозу чоң, буттары кыска, манжалары бутакты кармай албайт. Күчтүү тырмагы м-н жарга жармашып, жашайт. Канаты узун, ичке тез учат. Шилекей бездери жакшы өөрчүгөн. Шилекейинин жардамы м-н уя салат (жабышкак зат). Дүйнөдө 2 тукуму (накта ж-а үрпөк К.), 8 уруусу, 86 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 5, Кырг-нда 2 түрү бар. Түндүктөн башка бардык жерде таралган. Аска, жар коңулдарына, үй чатырына, морго, үңкүргө уялайт. 1–6 жумуртка тууп, эркек, ур-

гаачысы 20 күн басып
чыгарып, балапанын багат. Келгин куш. Көбүнчө ачык талаада, тоодо жашайт. Учуп жүрүп майда чымын, чиркей, курткумурска м-н азыктанып, а. ч-га пайда келтирет.