КАРЛЫГАЧТАР
КАРЛЫГАЧТАР (Apodes) – карлыгач сымалдар (узун канаттуулар) түркүмүндөгү куштар түркүмчөсү. Дене түзүлүшү чабалекейге окшош, ача куйруктуу. Тумшугу кичине, оозу чоң, буттары кыска, манжалары бутакты кармай албайт. Күчтүү тырмагы м-н жарга жармашып, жашайт. Канаты узун, ичке, тез учат. Шилекей бездери жакшы өөрчүгөн. Шилекейинин жардамы м-н уя салат (жабышкак зат). Дүйнөдө 2 тукумунун (накта ж-а үрпөк карлыгачтар), 8 уруусу, 86 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кыргызстанда 2 түрү кезигет. Түндүктөн башка бардык жерде таралган. Аска, жар коңулдарына, үй чатырына, морго, үңкүргө уялайт. 1–6 жумуртка тууп, эркек, ур-

гаачысы 20 күн басып чыгарып, балапанын багат. Келгин куш. Көбүнчө ачык талаада, тоодо жашайт. Учуп жүрүп майда чымын, чиркей, курт-кумурска м-н азыктанып, айыл чарбага пайда келтирет.