КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Каркыра суусунун сол жээгинде, Кара­кол ш-нан 90 км чыгыш, түн.-чыгышта, деңиз деңг. 1800 м бийикте. Неоген мезгилинде пай­да болгон туздуу катмарда, уз. 15 км, туурасы 2 км. Туздар 1,0–0,5 м тереңдикте жатат. Жыр­галаң ж-а Туз-Суу сууларынын боюндагы туз­дуу булактарга карап, тереңдикте галит тузу­нун калың кабаты бар деген тыянакка келүүгө болот. Туз кени начар изилденген. Болжолдуу ресурсу 30–40 млн т.