КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРКОБАТОВ Хасан Жолдубаевич (17. 9. 1940- ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ырдык айылы) – биология илимд. доктору (2003).
КМФИни бүтүргөн (1964). Каракол ш-ндагы спорт мектебинде мугалим (1964–67). 1967-жыл­дан Түп р-нундагы Ильич орто мектебинде, Түп айылындагы спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. 1976-жылдан бийик тоо ИИИде морфол. адаптация лабор-сында улук ил. кыз­маткер болуп эмгектенет. Физиология б-ча адис. Ил. эмгектери бийик тоодогу гипоксия м-н ка­туу кара күч жумшалган жердеги гипоксияга жүрөктүн ж-а коронардык кан тамырлардын ай­калышкан көнүгүүнүн механизмдеринин сырын ачууга багытталган. Бийик тоодо жүрөктүн адаптация механизмин ж-а булчуң ишин изил­деген. 90дон ашык ил. эмгеги, а. и. 1 моногра­фиясы, 2 рационализатордук сунушу бар.


Эмг.: Высокогорная кардиоангиология. Б., 2002.