КАР КАТМАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАР КАТМАРЫ – кардын жаашынан пайда болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. К. к. топуракты катуу сууктан, күздүк эгинди үшүктөн сактайт. Ал климатка, рельефке, гидрол. ж-а топурак пайда кылуу процесстерине, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Жыл сайын жер бетинин 115тен 126 млн км2ге чейинки аянтын каптайт (бул аянттын 1/ ине жакыны), деңиздик муздарга туура келет. Күн радиациясын өтө көп чагылдырат. Кырг-н аймагына түшкөн кар катмарынын орт. калыңдыгы 10–30 см. Теңир-Тоонун бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. Мис., Кара-Кужур өрөөнүндө кардын эң жогорку орт. калыңдыгы 9 см, максимуму 27 см, Ак-Шыйрак, Каракол өрөөндөрүндө орт. 3 см, максимуму 14 см. Кар Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталына өтө калың (150 смге чейин) түшөт. К. к. 1500 мден жогору туруктуу болот.