КАР КАТМАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР КАТМАРЫ – кардын жаашынан пайда болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. Кар катмары топуракты катуу сууктан, күздүк эгинди үшүктөн сактайт. Ал климатка, рельефке, гидрологиялык ж-а топурак пайда кылуу процесстерине, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Жыл сайын жер бетинин 115тен 126 млн км2ге чейинки аянтын каптайт (бул аянт­тын 1/3 ине жакыны), деңиздик муздарга туура келет. Күн радиациясын өтө көп чагылдырат. Кыргызстан аймагына түшкөн кар катмарынын орточо калыңдыгы 10–30 см. Теңир-Тоонун бийик тоо­луу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. Мисалы, Кара-Кужур өрөөнүндө кардын эң жогорку орточо калыңдыгы 9 см, максимуму 27 см, Ак-Шый­рак, Каракол өрөөндөрүндө орточо 3 см, макси­муму 14 см. Кар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына өтө калың (150 смге че­йин) түшөт. Кар катмары 1500 мден жогору туруктуу болот.