КАРКАС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРКА́С (фр. carcasse – скелет), с ы н ч – кандайдыр бир буюмдун, имараттын же курулманын айрым-айрым элементтерди өз-ара бириктирип куралган сөлөкөтү. К. даярдалуучу материалдын бышыктыгына ж-а туруктуулугуна жараша, ар кандай өлчөмдөгү, бийиктиктеги имараттар ж-а курулмалар салынат. Ошого жараша К. жыгач, металл, темир-бетон ж. б. бышык материалдардан жасалат. Жыгач материалдан (устун) жасалган К. анча чоң эмес бийиктиктеги имараттарды курууда колдонулат ж-а сыртынан кыш же такта (плита) капталат. Ал эми көп кабаттуу имараттарды курууда, чогултулуучу темир-бетондуу К.-панелдүү констрлар кеңири колдонулат. Алар атайын з-ддордо чоң такта-панель түрүндө даярдалып, пайдубалга бекитилет. О. эле темир арматурадан ширетилип, цемент аралашмалары толтурулуп тургузулган К. курулуш тармагында кеңири колдонулууда.