КАРЕЛ МОЙНОГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРЕ́Л МОЙНОГУ Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кур­гактыктын кууш тилкеси. Бийикт. 50 мге че­йин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түн. жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, борб. бөлүгү ж-а түштүгү мөңгүнүн шиленди текте­ринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда бол­гон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса д. ке­сип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу то­кой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-ж. кеме курууга пайдала­нуу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск ш., Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск ж. б. курорт­тук шаарлар орун алган. К. м-нун көп жери В. И. Лениндин турмушу ж-а ишмердиги м-н байланыштуу. Мойнок 9-к-дын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-к-дын башта­лышында Швеция тартып алган. 1721-ж. Рос­сияга өткөн. 1918–40-ж. басымдуу бөлүгү Фин­ляндияга караган. 1940-жылдан Россия Феде­рациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа ж-а суу туризми өнүккөн.