КАРДАНО МЕХАНИЗМИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРДА́НО МЕХАНИЗМИ – бири бирине карата кандайдыр бурч м-н жайгашып, октору бир түз сызыкта жатпаган, жетелөөчү валдын айлануу кыймылын жетеленүүчү валга өткөрүүчү түзүлмө. Итал. окумуштуу Ж. Карданонун атынан атал-

Толук кардан: 1 – вилка; 2 – крестовинанын цапфа­сынын тиреги; 3 – капкагы; 4 – крестовина.

ган. Кардано кыймыл өткөрүүчү кардано валы­нан ж-а шарнирлерден турат. К. м. автомобил­дерде, тракторлордо ж. б. транспорт машина­ларында айлануу учурун кыймыл өткөрүү ку­тусунан же бөлүштүргүч кутудан жетелөөчү мосттун башкы кыймыл өткөргүчүнө берүү үчүн колдонулат. Жетеленүүчү валдын бир калыпта айланышын камсыз кылуу үчүн эки эселен­ген К. м-н колдонуу ыңгайлуу. Анын жантаюу бурчу 38°ка жетет. Ал эми валдардын жан­таюусу 3–5°болгондо, серпилгичтүү К. м. кол­донулат.