КАРДАНО МЕХАНИЗМИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРДА́НО МЕХАНИЗМИ – бири-бирине карата кандайдыр бурч м-н жайгашып, октору бир түз сызыкта жатпаган, жетелөөчү валдын айлануу кыймылын жетеленүүчү валга өткөрүүчү түзүлмө. Италиялык окумуштуу Ж. Карданонун атынан атал-

ган. Кардано кыймыл өткөрүүчү кардано валынан ж-а шарнирлерден турат. Кардано механизми автомобилдерде, тракторлордо ж. б. транспорт машиналарында айлануу учурун кыймыл өткөрүү кутусунан же бөлүштүргүч кутудан жетелөөчү мосттун башкы кыймыл өткөргүчүнө берүү үчүн колдонулат. Жетеленүүчү валдын бир калыпта айланышын камсыз кылуу үчүн эки эселенген кардано механизмин колдонуу ыңгайлуу. Анын жантаюу бурчу 38°ка жетет. Ал эми валдардын жантаюусу 3–5°болгондо, серпилгичтүү кардано механизми колдонулат.