КАДЫРКУЛОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс to КАДЫРКУЛОВ over redirect) |
(Айырма жок)
| |
09:04, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс [15. 9. 1917-жылы туулган, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Аскалы (азыркы Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо р-ну, Казарман) кыш. – 1984, Казарман кыштагы] – Даңк орденинин толук ээси.

1941-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согуш майданында болгон. Днепр, Түштүк Буг, Тисса, Дунай, Грон, Морава, Дыйе дарыларынан биринчилерден болуп өткөн. Түштүк Буг дарысынан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1944-жылы мартта 3-даражадагы Даңк орденин, 3000 мина коюп, душмандын 2500 минасын зыянсыздандырганы үчүн 1944-жылы сентябрда 2-даражадагы Даңк орденине, Ипель дарыясынан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1945-жылы 28-апрелде 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. 1946–84-жылдарда Ленин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштеген. Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Айкели Казарман айылынын «Баатырлар аллеясына» коюлуп, Казармандын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.