ИБН АЛ-АСИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИБН АЛ-АСИ&#769;Р</b> Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог ж-а тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия ж-а Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе&shy;масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «ал- Камил фи-т-тарих"(«Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм&shy;гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл&shy;дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка&shy;раханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Ба&shy;ласагун шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы&shy;тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та&shy;рыхы боюнча ж-а моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Ибн ал-Асирдин китеби бир нече жолу ба&shy;сылып, Орто Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.
<b type='title'>ИБН АЛ-АСИ&#769;Р</b> Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог жана тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия жана Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе&shy;масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «[[Ал-камил фи-т-та’рих]]» («Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм&shy;гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл&shy;дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка&shy;раханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Ба&shy;ласагун (кара: [[Баласагын]]) шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы&shy;тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та&shy;рыхы боюнча жана моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Ибн ал-Асирдин китеби бир нече жолу ба&shy;сылып, Орто Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.
 





03:13, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог жана тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия жана Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе­масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм­гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл­дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка­раханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Ба­ласагун (кара: Баласагын) шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы­тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та­рыхы боюнча жана моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Ибн ал-Асирдин китеби бир нече жолу ба­сылып, Орто Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.



Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1. Б., 2002.


Т. Жуманалиев.