КАРА-ҮҢКҮР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ҮҢКҮР , Т е н т е к - С а й – Базар-Коргон р-нунун аймагы аркылуу аккан суу, Кара-Да­рыянын оң куймасы. Уз. 127 км, алабынын аян­ты 4130 км2. Фергана, Исфан-Жайлоо ж-а Ба­баш-Ата кырка тоолорунан башталган Кызыл- Үңкүр ж-а Арстанбап сууларынын кошулушу­нан түзүлөт. Алабында жапайы жаңгак-мөмө­жемиш токойлуу табигый кооз аймактар – Кы­зыл-Үңкүр өрөөнү ж-а Арстанбап өрөөнү жайгаш­кан. Чарбак кыш. туштагы жылдык орт. чы­гымы 29,6 м3/сек; эң көбү 85,7 м3/сек (май), эң азы 9,64 м3/сек (январь). Негизги куймалары: Арстанбап, Шайдан-Сай, Кызыл-Үңкүр, Жаз- Кечүү ж. б. Суусун толук пайдалануу үчүн Ба­зар-Коргон суу сактагычы (көлөмү 22 млн м3) курулган. Сугатка пайдаланылат. Жээгинен Кызыл-Үңкүр, Ооган-Талаа, Ак-Булак, Арстан­бап, Чарбак, Абдураимов атн. (Совет), Базар- Коргон ж. б. кыш. орун алган.