КАРА-ҮҢКҮР
КАРА-ҮҢКҮР , Т е н т е к - С а й – Базар-Коргон районунун аймагы аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын оң куймасы. Узундугу 127 км, алабынын аянты 4130 км2. Фергана, Исфан-Жайлоо ж-а Бабаш-Ата кырка тоолорунан башталган Кызыл-Үңкүр ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Алабында жапайы жаңгак-мөмө-жемиш токойлуу табигый кооз аймактар – Кызыл-Үңкүр өрөөнү ж-а Арстанбап өрөөнү жайгашкан. Чарбак кыштагы туштагы жылдык орточо чыгымы 29,6 м3/сек; эң көбү 85,7 м3/сек (май), эң азы 9,64 м3/сек (январь). Негизги куймалары: Арстанбап, Шайдан-Сай, Кызыл-Үңкүр, Жаз- Кечүү ж. б. Суусун толук пайдалануу үчүн Базар-Коргон суу сактагычы (көлөмү 22 млн м3) курулган. Сугатка пайдаланылат. Жээгинен Кызыл-Үңкүр, Ооган-Талаа, Ак-Булак, Арстанбап, Чарбак, Абдураимов атындагы (Совет), Базар- Коргон ж. б. кыштактар орун алган.