КАРА-ТЕСКЕЙ КУМ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ТЕСКЕЙ КУМ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 10 км түн.- чыгыш тарапта, Көгарт суусунун боюнда. 1945-ж. чалгындалган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чопо, алевролит, гравий катмарлары түзөт. Алардын арасында кумдун 4 кабаты бар. Кабаттар түш.-чыгыш тарапка 30° бурч м-н жатат. Алардын калындыгы 1,5, 2, 3,3 ж-а 10 м. Уз. 50 м. Кабаттардын эки чети кум-чопо (калыңдыгы 1–20 м) м-н жабылып калган. Кум негизинен кварцтан турат. Жуулган ак кумдун курамында: 94,62% SiO2, 10% Fе2О3, 3,25% Аl2О3 бар. Кум жогорку сапаттагы тунук айнек алууга жарамдуу. Запасы 77 миң т. Кенде күңүрт түстөгү айнек идиштерин жасоодо колдонулуучу саргыч боз (запасы 154 миң т) ж-а саргыч кызыл кумдук кабаттары да бар.